Бишкекте жарыктын жапырт өчүшүнүн себеби такталууда

Сүрөттүн булагы, Official
"Улуттук электр тармагы" мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, жогорку чыңалуудагы эки электр линиясы - "Кара-Балта - Главная" жана "Главная-Шу" аварияга учурап, бул 17-июлда өлкөдө электр энергиясы менен камсыздоо ишин үзгүлтүккө учуратты.
"220 кВттык "Кара-Балта - Главная" жана "Главная - Шу" аба чубалгылары өчтү. Натыйжада керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму ишке кирди. Учурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иштерин жүргүзүүдө. Авариянын техникалык себептери такталууда", -делет бул тууралуу расмий маалыматта.
Учурда Бишкек жана ага танапташ жаңы конуштарга жарык берилип, авариянын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 17-июлда саат 14:00дөр чамасында борбор калаада жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.
Энергетика министрлиги бул тууралуу биринчилерден болуп түшүндүрмө берген. Анда "Парковая" - "Ала-Арча" линиясындагы 23-тирөөч менен 24-тирөөчтүн ортосундагы электр чубалгысын жүк ташуучу унаа үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калганы айтылат.
Анын жыйынтыгында, борбор калаада жолдордо жолчырактар иштебей, дүкөндөрдө электрондук соода иштери үзгүлтүккө учурап, айрым аймактарда суу берүү токтогон.
"Электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу суу топтомолордун иши убактылуу токтотулуп, анын себебинен суу берүү үзгүлтүккө учурады. Электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин суу берүү этап-этабы менен жандандырылат. Басымды жогорулатуучу насос станциялары кол менен ишке киргизилгендиктен, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын адистери жабдууларды кезеги менен пайдаланууга берип жатышат" деп маалымдады Бишкек мэриясы.
"Улуттук электр тармагы"жакында эле Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жеткенин билдирген.
"29-июнда Кыргызстанда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетип, жай мезгили үчүн тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч катталды" - деген маалымат тараткан эле аталган мекеме.
Салыштыруу үчүн, былтыр бул күнгө карата өлкөдө суткалык керектөө болжол менен 40 миллион киловатт-саатты түзгөн.
Ишкананын маалыматына ылайык, электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө бир нече фактор себеп болууда. Жаңы көп кабаттуу турак жайлардын, социалдык жана өндүрүштүк объектилердин пайдаланууга берилиши, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөрдүн санынын жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүшү суроо талапты жогорулатып жатат.
Ушу күндөрү Борбор Азияда адаттан тыш ысык жүрүп, Кыргызстанда абанын температурасы 40 градуска чейин жогорулай турганы айтылган.



































