"Дүйнөдө коопсуздук жана туруктуулук орносун деп тилейбиз". Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө

Сүрөттүн булагы, oficcial
Бул жылы Бишкекте Орозо айт намазы эски аянтта окулду.
Ага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.
Ал майрамдык куттуктоосунда кыргыз элине бакубат жашоо тилеп, дүйнөдөгү согуштук жаңжалдар эртерээк токтошун кааларын айткан.
"Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда болуп жаткан саясий кризистер менен куралдуу жаңжалдар жалпы адамзат үчүн олуттуу сыноо болуп турат. Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштук жаңжалдар менен чыңалуулар эртерээк токтоп, бардык элдер үчүн тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орносун деген тилегибизди билдиребиз", - деген Жапаров.
Көптөгөн жылдардан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. Бирок 2023-жылдан бери айт намаздарын борбордук аянттарда окууга чектөө киргизилип, намаз мечиттерде гана окулуп жүргөн. Бул коопсуздука байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.
Быйыл Орозо айт 20-мартка белгиленген.
Майрамдык иш-чара эртең менен саат 07:00дө Куран окуу менен башталып, диний баяндары менен коштолду. Ал эми негизги айт намазын окуу саат 08:30да болду.
Орозо айт — мусулмандардын ыйык рамазан айы аяктагандан кийин белгиленүүчү майрамы. Бул күнү момундар жамаат менен намаз окуп, бири-бирин куттуктап, кайрымдуулук иштерин жасашат.






























