Ош: экс-вице-мэр Кадыровдун жана Алмамбет Анапияевдин инисинин имараттары буздурулууда

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
6-майда Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Нурбек Кадыров жана кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияевдин иниси тосуп алган каналдар ачылып жатканын Ош мэриясынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, Увам каналындагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин мэр Жанар Акаев өзү баштап жүрөт.
"Кошумча курулмалар бошотулуп, жашоочулар үчүн эс алуучу жай, тротуар, веложол куруу иштери жүрүп жатат" деп билдирди мэриядан.
"Чын эле каналга минип калыптыр да. Документ боюнча каерге чейин? Бул жерде биринчи кезекте мыйзам, экинчи кезекте ишкер. Каналды минип эле алыптыр, каналдарды бошотпосок болбойт. Силер да туура түшүнгүлө. Биз азыр жарандарга айтышыбыз керек, куруп алгандардын баары жөн эле убарагерчилик тартып атышат", - деп айтты Акаев Ош мэриясы тараткан видеодо.
Маалыматтарда башка да мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлөт.
Буга чейин Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз делген жана буга чейинки мэр Жеңишбек Токторбаев буздуруп баштаган айрым объекттер кайра оңдолуп – түзөлүп баштаганы жана мэрия иштөөгө уруксат бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Маселен, Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде корук аймагында мыйзамсыз курулган деп табылган "Байсан" кафесинде кайрадан курулуш жүрүп жатканы айтылган. Ушундан улам учурдагы мэр Жанар Акаевдин ишмердигине сын-пикирлер айтылып жаткан.




























