Cакура гүлдөгөн маалда

Published

Апрелде Жапонияда, дегеле дүйнөдө сакура гүлдөгөн маалды кишилер өзгөчө баалап, айланасына бөтөнчө бир толкундануу менен көз чаптырары турган кеп.

Ар кайсыл өлкөлөрдөгү сакура гүлдөгөн учурдагы кооз сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайбыз. Жыл сайын сакура гүлдөгөн маалда Жапонияда фестиваль өтөт. Бул дарактын гүлдөгөн учурун көрүү үчүн жапондор керек болсо эмгек өргүүсүн алып, сакура бактарына келишет.

Cакура гүлдөгөн маал
Япония
Япония

Жапониянын Нара префектурасындагы Йошино тоосунун этектериндеги гүлдөгөн сакуралар.

Япония

Бул сүрөт дагы Жапонияда. Камеокедеги бакта бир жарым миң сакура бар. Алар түрдүүчө гүл ачат.

Япония

Токиодогу сакуранын гүлдөгөн маалы.

Китай

Кытайда апрель айында сакуранын гүлдөшүнө арналган 30-фестиваль өтөт.

Вашингтон
Вашингтон

Вашингтондо мындай фестивалдар өтпөйт. Бирок сакуралар бар.

Рим

Римде дагы ушул маалда сакура гүл ачат.