"ВИЧ менен жашаган балдар үйгө муктаж"
"ВИЧ менен жашаган балдар үйгө муктаж"
Published
Дилнозанын уулу жыйырма жашта. Анын айтымында, баласы чоңойгон сайын көйгөйлөрү да көбөйдү. Ал ВИЧ тууралуу билип калган айрым туугандары балдарын уулунан алыстата баштаганын айтат.
"Балам өз үй-бүлөсүндө да бөлүнүп калганын сезип жатат. Ошондуктан балдарыбызга мамлекеттен турак-жай сурап, кайрылбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбады",- дейт Дилноза.



