Жапайы жаратылыштагы күлкү жараткан сүрөттөр

Published

«Жапайы жаратылыштагы күлкүлүү сүрөттөр» (The Comedy Wildlife 2017 competition) конкурсунун калыстары жеңүүчүлөрдүн эмгектерин атады. Биринчи сыйлыкты фотограф Тибор Керч үкүнүн сүрөтү үчүн алды. Жалпысы болуп конкурска 3500ге чукул сүрөт келип түшкөн.

Owls. Photo: Tibor Kercz
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ийкемдүүлүк жана баланс. Үкүлөрдүн бири тең салмактуулугун жоготуп, бутактан кулап баратат. Венгер фотографы Тибор Керч ушул көз ирмемди кармап калган. Үкүнүн эптеп тырмышып туруп, мурдагы абалында турууга жасаган аракети. Бул сүрөт сынактын жеңип алды.
Dormouse. Photo: Andrea Zampatti
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кемирүүчүлөр дагы сулуулукка суктанганды билет. Фотограф Андреа Зампаттинин сүрөтү «Жерде» деген категория боюнча мыкты деп табылды.
A sea turtle slapping a fish. Photo: Troy Mayne
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балыктар дагы кээде жаакка жейт. Деңиз таш бакасы бул балыкты бетке чапты. Троя Мейнанын сүрөтү. «Суу алдында» деген номинациясын жеңип алды.
Birds flying. Photo: John Threlfall
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Учак сыяктуу канаттуулар. Фотограф Жон Трилфоллдун эмгеги «Абада» деген номинацияны утуп алды.
Polar bear with its baby. Photo: Daisy Gilardini
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул мамалак энесинин артынан түшпөй жүрүп абдан татаал маршруттарды жаттап бүткөн. Сүрөтчү Дейзи Джилардини, Канада.
Beaver. Photo: Penny Palmer
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дене көнүгүүлөрдү атүгүл кемчеттер да аткарышат. Пенни Палмер, АКШ, Калифорния.
Penguins. Photo: Carl Henry.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдын эч нерсеси пингвиндерге жат эмес. Карла Генринин сүрөтү, Атлантикадагы Түштүк Георгия аралы.
Hare. Photo: Olivier Colle
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдан ачка болгонуп тамактанып жатканда, кайдан-жайдан бир сүрөтчү пайда болуп калды. Оливера Колленин сүрөтү, Бельгия.
Two monkeys on a motorbike. Photo: Katy Laveck-Foster
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Даярсыңарбы?! Кеттик анда! Бул эки маймыл чындап эле мотоциклди айдаганы жаткандай туюлат. Кети Лавек-Фостер бул сүрөттү Индонезияда тарткан.
African wildebeest. Photo: Jean-Jacques Alcalay.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул антилопа гну өзүнүн досторунун үстүндө басып жүрөт. Жан-Жак Алкалей бул сүрөттү Кенияда тартып алган.
Seals. Photo: George Cathcart
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нерпа мынчалык эмнеге таң калды болду экен. Жордж Каткартанын сүрөтү.
Fox on a golf course. Photo: Douglas Croft.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гольф үчүн курулган бул жашыл талааны түлкү ушунтип баалады. Калифорниядагы Сан-Хоседе. Сүрөттүн автору Дуглас Крофт.
Mudskippers. Photo: Daniel Trim.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул бакалар эмне тууралуу ырдап жатты болду экен. Алардын Таиланддагы концертине Дэниэл Трим күбө болгон.