Сүрөт баян: Аргентинанын футболчулары мекенине кайтып келишти

Буэнос-Айрестин аянты
Published

Аргентинанын өкмөтү шейшембини дем ​​алыш күн деп жарыялады - өлкө Аргентина курама командасынын дүйнө чемпионатындагы жеңишин майрамдап жатат.

Шейшемби күнү футболчулар борбор калаа Буэнос-Айресте парадга чыгышты. Улуттук курама команданын оюнчуларын тосуп алуу үчүн он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

“Дүйнө чемпиондору” деген жазуусу бар, үстү ачык эки кабаттуу автобус бактылуу күйөрмандарды аралап өттү.

Чемпиондор автобусу

Бирок бир аз убакыттан кийин автобустун жүрүмүн үзгүлтүккө учуратууга туура келди - өтө көп күйөрмандар (полициянын эсеби боюнча, төрт миллионго чейин) чогулгандан улам, парадды улантуу кооптуу болуп калды.

Полиция тик учагы

Лионель Месси жана анын командалаштары полициянын тик учагы менен эвакуацияланды.

Аргентина

Буэнос-Айрестин көчөлөрү эки күндөн бери күйөрмандарга толуп жатат. Шейшемби күнү түштөн кийин Катардан келген улуттук команданы тосуп алгандардын көбү парадды көрүү үчүн кайра үйлөрүнөн чыгышты.

Күйөрмандар
Парадга чейинки шаар улуттук символдор менен кооздолгон - сүрөттө Буэнос-Айрестин борборундагы атактуу El Molino кафесинин имараты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парадга чейинки шаар улуттук символдор менен кооздолгон - сүрөттө Буэнос-Айрестин борборундагы атактуу El Molino кафесинин имараты

Команда Катардан мекенине дүйшөмбү кечинде кайтты. Алтын кубокту кармаган капитан Лионель Месси учактан биринчи болуп чыкты. Жол боюна тизилип турган эбегейсиз көп адамдар оюнчуларды ташыган автобусту тосуп алышты.

Салют

Түн киргенде жеңишти майрамдоо үчүн көчөгө чыккан эл көбөйдү.

Көпчүлүк аргентиналыктарга азыр мындай майрам чындап керек экенин айтышты: өлкө экономикалык кыйынчылыктардан жапа чегип жатат.

Буэнос-Айрестеги Республика аянты дүйшөмбү күнү кечинде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буэнос-Айрестеги Республика аянты дүйшөмбү күнү кечинде
Аргентинанын күйөрмандары

Дрон тарткан видеодон элдин санын болжолдоого болот.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 1

Аргентинанын күйөрмандары

Буэнос-Айрестин көчөлөрүнө чыккандардын көбү 1986-жылы улуттук курама командасы менен жеңишке жеткен маркум Диего Марадонаны эскеришти.

Диего Марадона

Чемпионаттын жүрүшүндө көчөлөргө чоң экрандар орнотулган.

Аргентинанын күйөрмандары

Экрандарда эмне болуп жатканын жакшыраак көрүү үчүн адамдар жол чырактарга жана мамычаларга да чыгышкан.

Экрандарда эмне болуп жатканын жакшыраак көрүү үчүн адамдар жол чырактарга жана мамычаларга да чыгышкан.
Аргентинанын күйөрмандары

Бул видеодо Аргентина соңку гол киргизгенде көчөлөрдө эмне болгонун көрүүгө болот.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы, 2

Аргентинанын капитаны Лионель Мессинин кичи мекени Росариодо атмосфера андан кем эмес кызуу болду. Граффитиде Месси "башка галактикадан келген адам" деп айтылат.

Аргентинанын капитаны Лионель Мессинин кичи мекени Росариодо атмосфера андан кем эмес кызуу болду

Матчты жаныбарлар да көрүштү.

Матчты жаныбарлар да көрүштү.

Жеңилгенине карабай, Францияда курама команданын оюнчуларын да баатыр катары тосуп алышты.

Франциянын күйөрмандары

Күйөрмандар Конкорд аянтында фейерверк атышты.

Күйөрмандар Конкорд аянтында фейерверк атышты.

Франциялык футболчулар күйөрмандарына балкондон “салам” айтышты.

Франциялык футболчулар күйөрмандарына балкондон “салам” айтышты.