Белгороддогу энергетикалык кризис: "Ракеталардын алдында калдык"

yt

Сүрөттүн булагы, Andrey BORODULIN / AFP via Getty Images

    • Author, Анастасия Платонова, Ярослава Кирюхина
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жаздын келиши менен Белгород аткылоодон жабыркаган энергетикалык инфраструктураны чукул арада калыбына келтирүүгө киришти – шаарга нөөмөтчүлөр келип, жылуулук тармагына түшкөн жүктөмдү азайтуу максатында аймакта жылуулук өчүрүлдү.

Жергиликтүү энергетиктер аткылоодон коркуп, ТЭЦте жана көмөк чордондордо иштегиси келбей жатат. Би-Би-Синин Орус кызматы Белгород согушта талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө аракет кылып, кийинки кышка азыртадан камданып жатканы тууралуу маалымат чогултту.

13-февраль күнү кечки саат жетиде Белгороддо аткылоо башталганы тууралуу кабарлаган сиренанын үнү чыкканда шаардагы эки ТЭЦтин биринде – Белгород Жылуулук электр борборунда нөөмөт алмашып жаткан. Ошол маалда нөөмөттүн жетекчилери станциянын башкаруу пультунда отурушкан. Нөөмөтүн бүтүргөн кызматкерлер жуунуп-тазаланып, үйлөрүнө кетүүгө камданып жатышкан эле.

Станцияда баш калкалоочу жай болбогондуктан жетекчилик кызматкерлерге чабуул маалында имараттын биринчи кабатына түшүүнү тапшырган – калың дубалдар соккудан коргойт алат деп болжолдонгон.

13-февралда нөөмөттө болгон ЖЭБдин кызматкерлеринин бири Би-Би-Сиге айтып бергендей, ракеталар адамдар баш калкалап жаткан жерге түшкөн. Жарык өчүп, дубалдар титиреп, бир нече мүнөттөн кийин жарадарлардын ачуу кыйкырыктары угулду. Көп өтпөй станцияга тез жардам, Тергөө комитетинин автоунаалары жана энергетиктердин жакындары келе баштады.

Ракета түшкөндөн жарым сааттан кийин станцияда эки энергетик каза таап, бешөө жарадар болгону белгилүү болду.

Белгороддо аткылоодон кийин электр энергиясы жана жылуулук өчүрүлүп, шаарда жылытуучу чатырлар ачыла баштаган.

Фронттун эки тарабында тең жарык жок

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн энергетикалык объектилерди аткылоосу Орусиянын соккуларына кайтарылган жооп болду. Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасын 2022-жылдын күзүндө, толук масштабдуу согушка киргенден кийин талкалай баштаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2024-жылдын сентябрында Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУда сөз сүйлөп, Украинадагы энергетикалык объектилердин 80% талкаланганын айткан. "Биз аларга бир чындыкты жеткирүүгө аракет кылдык: эгерде алар бизди жарыксыз калтыргысы келсе, биз да ошону эле жасай алабыз", - деген 2025-жылдын октябрында Зеленский.

2025-жылдын күзүндө Белгородго соккулардын саны төрт эсе көбөйгөн. Белгороддо жана облуста жарык биринчи жолу узак убакытка 28-сентябрда өчүрүлгөн. Ошондо 77 миңден ашуун адам дээрлик бир сутка жарыксыз калган.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 2025-жылдын сентябрынын башынан 2026-жылдын март айынын этегине чейин Украинанын Куралдуу Күчтөрү кеминде 33 жолу чабуул койгонун билдирди. Бул чабуулдардан Белгороддун энергетикалык инфраструктурасына олуттуу зыян келтирилип, электр жарыгы өчүрүлгөн.

Шаарда электр жарыгы, жылуулук жана суу үзгүлтүксүз өчүрүлүп турду. Кыш маалында түнкүсүн абанын табы -17 градуска чейин төмөндөп, жашоочулар үйлөр өтө суук болгонуна даттанышкан. Жарык өчүрүлгөн маалда тургундар карды казандарга эритип, батирлерин чырактар, шамдар менен жарыктандырууга мажбур болушкан.

Орусия 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде Украинанын маанилүү инфраструктурасына тынымсыз чабуул коюп келди. Январда Харьков облусунун 80% электр жарыгысыз калган. Январда чабуулдардан кийин Киевде бир нече жолу толугу менен жарык өчүрүлгөн.

"Баары жумуштан кетти, иштей турган адам калган жок"

Тынымсыз аткылоодон улам Белгород ТЭЦи олуттуу жабыркады – Би-Би-Синин колуна тийген спутниктен тартылган сүрөттөрдөн эки ТЭЦке олуттуу зыян келтирилгенин көрүүгө болот.

9-февралда "Луч" ТЭЦинин корпусунун бир бөлүгү, 15-мартта Белгород ТЭЦи жабыркаган. Жергиликтүү тургундардын Би-Би-Сиге билдиришинче, тынымсыз чабуулдардан кийин Белгород ТЭЦинин кызматкерлери башка ТЭЦке өтүп кетишкен.

Апрелде Белгород шаарынын мэриясы аткылоодон улам ТЭЦте бир дагы турбина калбаганын билдирди.

Сүрөттө: ТЭЦке коюлган чабуулдардын кесепеттери: Белгород ТЭЦи (солдо, 15-мартта тартылган сүрөт), "Луч" ТЭЦи (оңдо, 9-февралда тартылган сүрөт)

Тынымсыз аткылоодон улам энергетиктер станциядан кете башташты. Белгород ТЭЦинде бир нече жыл иштеген электромонтер Виктор станциянын ишин мындайча сүрөттөйт: "Күн сайын ракеталар түшүп жатат. Ал эми ТЭЦтеги орточо айлыгыбыз – 56 миң рубль. Бул суроону жетекчилерге узатсаң, аларда жооп жок".

ТЭЦтин кызматкери Виктор электр жарыгы тынымсыз өчүрүлгөндүктөн, үйүнө генератор коюуга мажбур болгонун айтат.

Февралда ТЭЦке кайрадан чабуул коюлганда Виктор чечим кабыл алат: "Баары Москвага көчүп кетүүгө камданууда. Жарымынан көбү жумушун таштап, алты айга өз эсебинен эмгек өргүүсүнө чыгышты, дагы жарымы көчүп кетүүнү пландап жатышат. Москвада электрик 130 миң рублдан көп табат экен. Мен болсо, бул жакта 56 мин рублга ракетанын астында жатам".

Тынымсыз аткылоо, дем алышсыз нөөмөттөр

Белгородго башка аймактардан энергетиктердин бригадалары келгени тууралуу биринчи кабар 20-февралда мэрдин баракчасында пайда болду: Ростов-на-Донудан, Ейсктен жана Кемероводон энергетиктер келишкен.

Мартта жана апрелде Белгородго облустун башка шаарларынан жана Орусиянын булуң-бурчунан, мисалы, Липецктен жана Смоленскиден жылытуу системасын калыбына келтирүү үчүн энергетиктердин бригадалары келишти.

Бийлик башка жактан келген кызматкерлер менен бир нече маектерди жарыялады. Смоленскиден келген Игорь Михальченков чек арага жакын шаардагы ишти мындайча сүрөттөйт: "Сиренанын үнү чыкты – жашындык, баш калкалоочу жайга кирдик, сиренанын үнү өчкөндө жумушка кайттык". Валуйки шаарынан келген уста Игорь Шаповалов бригадалар эртең мененден кечки саат 11ге чейин иштеп, жумушчулар тартыш экенин айтты.

Белгороддо 3-апрелде жылуулук өчүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар жылуулукту кайра берүүнү талап кылып, губернатордун баракчасына жазышкан, бирок администрациянын кызматкерлери оңдоо иштерине байланыштуу бул мүмкүн эмес экенин түшүндүрүшкөн.

Айрыкча Белгороддун тургундары бала бакчалар жылыбай жатканына нааразы. Наталья Полянская Би-Би-Сиге анын бала бакчага барган уулу кийимчен уктап жатканын айтты: "Бакчаларда укмуш суук, балдар калың кийимчен укташат, себеби дубалдар муздак, жылыткычтар жардам бербей жатат".

Энелик капиталга алынган генераторлор

6-апрелде "Ведомости" басылмасы Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков кызматтан алынышы мүмкүн экенин жазды – бул тууралуу басылмага президенттик администрацияга жакын үч булак кабарлаган. План боюнча губернаторду шайлоо 2026-жылдын сентябрь айында өтүшү керек. Губернатордун саламаттыгы, ошондой эле облустагы оор кырдаал анын кызматтан кетишинин ыктымалдуу себептери катары айтылууда. 16-апрелде Гладков эмгек өргүүсүнө кетип жатканын билдирди.

Энергетикалык кризистен чыгууга аракет кылып, Белгород жана облус генераторлорду сатып алууда. Октябрда Орусиянын өкмөтү Белгород облусуна резервдик энергия булактарын сатып алууга 2,3 миллиард рубль бөлгөн – документке ылайык, облус бул акчага 436 генератор сатып алмак. 10-мартта премьер-министр Михаил Мишустин Белгород облусу дагы 300 генераторду сатып алуу үчүн 500 миллион рубль аларын билдирген.

2025-жылдын күзүндө Гладков Белгород облусунун тургундары генераторлорду өздөрү сатып алышы керектигин айткан, ал эми шаар тургундары генератордун бааларына нааразы болушкан. 19-февралда Белгороддун Думасы генераторду энелик капиталдын эсебинен сатып алууга уруксат берген.

2026-жылдын жазында Украина Белгороддун энергетикалык инфраструктуралык объектилерине чабуулун токтоткон жок, мунун айынан электр жарыгы тынымсыз өчүрүлүп жатат. Тургундар жылуулук менен жарыктын өчүрүлүшүнө нааразы болушууда, бирок жергиликтүү бийлик шаардыктарды оор кыш күтүп жатканын айтып, ага азыртадан даярдай баштады: "Учурда негизги маселе – кышкы суукка чейин баарын калыбына келтирүүгө үлгүрүп калышыбыз керек", - дешет бийлик өкүлдөрү.

Облустун жетекчилиги ТЭЦтеги турбиналарды кантип оңдой турганы белгисиз. Белгород ЖЭБдеринде америкалык General Electric компаниясынын турбиналары орнотулган болчу. Бул компания 2023-жылы жабдууларды оңдоодон жана тейлөөдөн баш тарткан, ошондой эле Орусиядагы турбинанын ишине мониторинг жүргүзүү системасын жаап коюшкан. Мындай шарттарда облустун жетекчилиги турбиналар кантип оңдолорун тактаган жок. (ZMa)