120 саатка созулган чабуул. Орусия жаңы тактикага өттүбү?

31-августта Киевдин четиндеги Погребы айылына реактивдүү дрон түшкөндөн кийин өрт чыкты.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 31-августта Киевдин четиндеги Погребы айылына реактивдүү дрон түшкөндөн кийин өрт чыкты.
    • Author, Олег Черныш
    • Role, Би-Би-Синин украин кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

"Жүрөктүн үшүн алып койду, муну жиндикана десе болот". Орусиянын Украинанын борборуна урган соккуларынын жаңы тактикасын Киевдеги бала бакчанын тарбиячысы Валентина Николаевна ушундайча сүрөттөдү.

Орусия 27-августтан бери беш күн катары менен Киевге тынымсыз реактивдүү дрондор менен чабуул коюп, 1-сентябрга караган түнү дагы ондогон баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен сокку урду.

Күндүз дээрлик ар бир жарым саатта аба айгайы же сиреналар жаңырганынан Валентина Николаевна балдарды жер төлөдөгү баш калкалоочу жайга улам түшүрүп, кайра чыгарууга мажбур болуп жатат.

Дагы бир көйгөй – тынымсыз аба агайы Киевди экиге бөлүүдө.

Метро – киевдиктер эң көп колдонгон транспорт – сирена жаңырган учурда Днепрдин оң жээгинен сол жээгине жана кайра артка каттабайт. Киевдиктердин көпчүлүгү жашаган сол жээкке жумуштан кийин автоунаа менен гана жетүүгө болот. Буга кошумча бардык эле көпүрөлөр ачык боло бербейт. Мындан улам аягы көрүнбөгөн тыгындар болууда.

Киевдиктер Днепрдин бир жээгинен экинчи жээгине өтүү үчүн метродо сааттап күтүүгө мажбур. Айгай маалында метро көпүрөлөрүн колдонууга болбойт

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевдиктер Днепрдин бир жээгинен экинчи жээгине өтүү үчүн метродо сааттап күтүүгө мажбур. Айгай маалында метро көпүрөлөрүн колдонууга болбойт.

Мындан тышкары, коопсуздук протоколдорунан улам айгай учурунда соода жана курулуш гипермаркеттери жабылат. Мындай көрүнүш бизнеске жана кардарларга олуттуу зыян келтирүүдө.

Ошол эле учурда Орусия бизнеске да сокку урууда. Акыркы апталарда Киевдин жанындагы ири соода түйүндөрүнүн ондогон кампалары жабыркады. Мунун натыйжасында борбор калаадагы дүкөндөрдө айрым азык-түлүктөрдүн тартыштыгы жаралды.

28-августта Киевдин батыш четиндеги Мила айылындагы аскердик кампага реактивдүү "шахид" түшүп, 38 адам өмүрү менен кош айтышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мунун баарын Орусия бул согуштагы жаңы "мүмкүнчүлүктөр терезесин" пайдалануу менен ишке ашыра алды. Москва чукул арада масштабын кеңейтип, жүздөгөн реактивдүү дрондорду топтой алды, ал эми Киев бул коркунучка тез жооп кайтара албай калды.

Орус армиясы Украинанын борборуна "реактивдүү" басым жасоонун жаңы тактикасын 27-августтан тарта ишке ашыра баштаган.

Бир күн мурда борбор калаада аба айгайы бир гана жолу жаңырса, ошол эле бейшембиде дрондордун жакындап келатканына байланыштуу айгай 13 жолу күйгүзүлдү. Кийинки күнү 12 жолу, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү 11 жолу жаңырды. 31-августта да болжол менен ушундай эле болду.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнаттын айтымында, Орусия бул күндөрү Украинага чабуул жасоо үчүн 1500 дронду колдонду, анын 800дөн ашыгы реактивдүү дрон болгон. Дрондордун басымдуу бөлүгү Киевди көздөй учурулган.

Июлда Орусия Украинага 1500 реактивдүү "шахидди" учурган, бул июнь айына салыштырмалуу беш эсе көп болду, ал эми август айынын ичинде 2500 дрон учурулду. Мындай маалыматты президент Владимир Зеленскийдин технологиялар маселелери боюнча кеңешчиси Сергей Бескрестнов берди.

Украинанын чалгын кызматынын баасы боюнча, Орусия айына 3000 реактивдүү дрон чыгарып жатат.

Беш күндүн ичинде Орусия Украинага 800дөн ашык реактивдүү дронду учурду.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беш күндүн ичинде Орусия Украинага 800дөн ашык реактивдүү дронду учурду.

Башкача айтканда, августтун аягында беш күндүн ичинде Орусиянын армиясы бул дрондордун бир айлык өндүрүшүнүн дээрлик үчтөн бирин учурган. Кадимки "шахиддерге" байланышкан кырдаал башкача болчу – Москва адегенде аларды топтоп алып, андан кийин гана айына бир-эки жолу ири партиялар менен учуруп келген.

Реактивдүү дрондор "заводдон эле түз учурулуп" жатканына Би-Би-Синин Украин кызматынын журналисттери да күбө болушту: 27-августта Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондордун биринин сыныктарында "2026-жылдын 10-июлунда чыгарылды" деп жазылган.

Полковник Игнат Орусия курал-жарактардын запасын топтоп отурбастан, аларды аскердик позицияларга жеткирүү логистикасын мүмкүн болушунча тездетип жатканын айтты.

"Душман киевдиктердин үшүн алып эле тим болбостон, ар бир реактивдүү же кадимки "шахидди" конкреттүү бир бутага багыттап жатканын көрүүдөбүз. Бул карапайым адамдар жүргөн, эч кандай аскердик өндүрүш чыкпаган логистикалык борбор, соода борборлору болушу мүмкүн", - деди Игнат.

Жаңы тактика

Сандан тышкары, Орусия реактивдүү "шахиддерди" колдонуу тактикасын да өзгөрттү.

Биринчиден, "шахиддер" адаттагыдан азыраак партиялар менен, бирок тез-тез учурулуп жатат. Башкача айтканда, үч-төрт, кээде 10го чейин реактивдүү дрон ар бир жарым саат сайын учурулуп жатат.

Алардын көбү Киевге Орусиянын Брянск, Курск жана Орел облустарынан, болжол менен 300-600 км аралыктан учурулууда.

Ошол эле учурда Бескрестнов белгилегендей, дрондор түз каттам боюнча эмес, Беларустун чек арасына мүмкүн болушунча жакын учуп жатышат. Анын пикиринде, бул "шахиддерге" Беларустагы мобилдик байланыш станцияларына туташууга мүмкүндүк берет, демек, аларды онлайн режиминде башкарууга болот.

Игнат ал тургай дрондор Беларустун үстүнөн учкан учурлар да катталганын билдирди.

Андан ары дрондор Киев суу сактагычынын жана Днепрдин үстүнөн Киевге багыт алып, борбор калаага жакындаганда ар кайсы тарапка чачырап, шаардын чет жакаларына чабуул коюп жатышат.

Реактивдүү “шахиддер” негизинен Киевдин четиндеги ири кампаларды жана логистикалык борборлорду бутага алып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Реактивдүү "шахиддер" негизинен Киевдин четиндеги ири кампаларды жана логистикалык борборлорду бутага алып жатышат.

Аба күчтөрүнүн башчылыгынын күнүмдүк отчетторуна ылайык, 27-августта бир күндө дрондордун дээрлик 88%, ал эми 31-августка караган түнү 79% атып түшүрүлгөн.

Бирок 2026-жылдын кыш жана жаз мезгилдеринде "шахиддердин" 95-98 пайызга жакыны жок кылынып жаткан эле.

Эмне үчүн дрондорду атып түшүрүү кыйын болууда?

Реактивдүү дрондор эмне себептен "шахиддерге" караганда кыйла коркунучтуу?

Биринчи себеби – бийиктик жана ылдамдык. Алар 3,5-5 км бийиктикте уча алышат, ал эми ылдамдыгы болсо эки-үч эсе көбүрөөк. Мисалы, жаңы "Герань-4" ("шахиддин" негизинде жасалган) саатына дээрлик 500 км, ал эми "Герань-5" саатына 600-650 км ылдамдыкта уча алат.

Саатына 180-200 км ылдамдыкта учкан "шахиддерди" атып түшүрүү үчүн жасалган украиналык технологиялар жаңы дрондорго каршы күрөшө албай жатат.

Украиналык өндүрүүчүлөр бул кырдаалды чукул арада өзгөртүүгө аракет кылышууда.

Украинанын коргоо министри Евгений Хмаранын айтымында, дрондорду атып түшүрүүчү куралдардын төрт прототиби бар, азыр алар сыноодон өтүп жатат жана алардын өндүрүш көлөмүн да кеңейтиш керек.

Ошол эле учурда президенттик кеңсенин башчысынын орун басары, генерал Павел Палиса дрондорду атып түшүрүүчү куралдар натыйжалуулугун көрсөтпөй жатканын белгиледи.

"Реактивдүү "шахиддерге" каршы азырынча инфраструктура түзүлө элек. Орусиялыктар муну түшүнүп, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга аракет кылышууда", - деди Би-Би-Сиге Украинанын ири коргонуу компаниясынын өкүлү.

Азырынча Украина реактивдүү дрондорду жок кылуу ишинде өзүнүн истребителдик авиациясына, зениттик-ракеталык операторлорунун топторуна жана көчмө зениттик-ракеталык комплекстерине гана таяна алат.

Полиция кызматкери 27-августта Киевдин борборундагы “Динамо” стадионунун жанына түшкөн реактивдүү “шахиддин” сыныктарын текшерип жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полиция кызматкери 27-августта Киевдин борборундагы "Динамо" стадионунун жанына түшкөн реактивдүү "шахиддин" сыныктарын текшерип жатат.

Аскердик эксперт Александр Карпюк реактивдүү дрондорду алдын ала аныктоо үчүн зарыл радарлар тартыш болуп жатканын айтты.

"Реактивдүү "шахиддер" менен натыйжалуу күрөшүү үчүн аны эртерээк аныктап, чоң аймактарда жоготуп албаш керек, ал эми бул үчүн көбүрөөк радар керек".

Орусиянын реактивдүү дрондоруна каршы чаралар жигердүү изделип жатат жана Би-Би-Синин украиналык аскердик өнөр жай комплексиндеги булактары бул маселе бир айдын ичинде, октябрга чейин чечилет деп божомолдошууда.

Президенттик кеңсенин башчысы Кирилл Будановдун божомолу боюнча, орус армиясы Киевге каршы "шахиддердин террорун" бери дегенде 18-20-сентябрга чейин, Орусияда парламенттик шайлоо өткөнгө чейин улантууну пландаштырууда. Анын баамында, орус бийлиги бул чабуулдар менен шайлоочуларга "согуш талаасында таасирдүү жеңишти" көрсөтүүгө умтулуп жатат. (ZMa)