Президент Садыр Жапаров Москвада Путин менен жолукту

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар регионалдык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышышты.
"Кыргыз-орус өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, муну менен катар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды", - деп айтылат расмий маалыматта.
Жапаров Путинди 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышууга чакырды.
Путин Москвада кыргыз президентин кабыл аларын адеп Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып, орусиялык басылмалар жазышкан.
Песковдун айтымында, эки өлкө башчысынын расмий сүйлөшүүлөрү түштөн кийин башталып, жумушчу түшкү тамактануу менен уланмак.
"Бүгүн Орусия-Кыргызстан мамилелери үчүн маанилүү күн. Президент Жапаров Москвада кыска мөөнөттүү иш сапар менен болот", - деп белгилеген эле Кремлдин өкүлү.
Эки лидер март айында телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-апрелде Астанага барып, Регионалдык экологиялык саммитке катышкан.
































