Жапыкеев менен Суваналиев кайра тест тапшырса болот. Сынактын эрежеси кандай?

Сүрөттүн булагы, коллаж
Сыймык Жапыкеев менен Өмүрбек Суваналиев кыргыз тилинин жазуу бөлүгүнөн кайра тест тапшырса болот. Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына "ортодон жогору", башкача айтканда В2 деңгээлиндеги сертификат алып келсе жетиштүү. Алар үчүн өзүнчө чектөө каралган эмес.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Руслан Жакышев билдирди.
"Мыйзамда талапкерлер боло турган жарандар бир гана жолу тест тапшыра алат деген эреже жок. Бизге башкысы белгиленген мөөнтөткө чейин кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет деген сертификат тапшырса болот", - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Руслан Жакышев
Күн мурун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев тил сынагынан кулап калганын кабарлашкан.
Өмүрбек Суваналиев жазуу түрүндө тапшырган тестинде босого чекке 4 балл, Сыймык Жапыкеев 5 балл жетпей калган.
"Кыргызтест" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Батма Топоева-Ставицкая күн мурун, 14-октябрда жарандар тесттен өтпөй калган учурда сынактан кайра тапшыра болорун, бирок президенттикке талапкерлер үчүн кандай эреже камтылганын БШКдан тактоо керектигин айткан болчу:
"Президенттикке талапкерлердин өзүнүн атайын тартиби болушу керек да. Аны Боршайкомдон сурап көрүү керек. Эгер ал жактан бөгөт жок болсо тапшыра беришет. Эгер бир гана жолу тапшыра алышат деген эреже болсо, анда бир гана жолу тапшырышат".
Бүгүн "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси экөө тең сынакты кайра тапшырса болорун быштыктады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттикке талапкерлер үчүн өзгөчө эрежелер болбогондон кийин тест тапшыруунун эрежелерин эске сала кетели.
"Кыргызтесттен" билдиришкендей, тесттин жыйынтыгына жараша кайра тапшырууга төмөндөгүдөй тартипте жол берилет:
- 50-59-балл болгон учурда үч жумушчу күндүн кийин;
- 40-49 балл болгон учурда 10 жумушчу күндөн кийин;
- 40-баллдан төмөн болгон учурда 30 күндөн кийин.
Демек, Сыймык Жапыкеев да, Суваналиев да үч жумушчу күндөн кийин кыргыз тил сынагын кайра тапшыра алат.
БШКга талапкер болуу үчүн арыз жазуу 13-ноябрда аяктайт.
Эреже боюнча тесттин жыйынтыктары эң кеч бир жума аралыгында чыгат.
"Сынак тапшыргандар көп болуп калса, бир жумага чейин созулуп кетет. Эгер кыргыз тилинен тест тапшыргандар аз болсо эки же үч жумушчу күндө деле жыйынтык чыгат. Бизде эми бир эле президенттикке талапкерлер тест тапшырбайт да. Башкалар да бар. Эч кимдикин өзүнчө бөлүп текшербейбиз. Баары жалпы тартипте каралат", - деп түшүндүрү "Кыргызтесттин" өкүлү Саина Калназарова.
Президенттикке талапкерлер үчүн кыргыз тилинин В1 деңгээли талап кылынат. Сынакка катышкандар угуу, окуу, жазуу сүйлөө жөндөмдөрүн көрсөтүшү керек.
Талапкерлер күнүмдүк тиричилик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик чөйрөлөрдө камсыз кыла турган 3000 сөз бирдигин билүүгө тийиш.
Башкача айтканда, кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн расмий стилде оозеки жана жазуу жүзүндө чагылдыра билүүгө милдеттүү.

Сүрөттүн булагы, расмий
Сыймык Жапыкеев да, Өмүрбек Суваналиев да тесттин жазуу бөлүгү чындыгында оор болгонун белгилеп жатышат. Экөө тең мектепти кыргыз тилинде окуганы менен сынактан өтпөй калышкан.
Азырынча президенттикке талапкер катары Аймен Касенов гана БШКга арыз жазды.
Ал Би-Би-Сиге билдиргендей, кыргыз тил тестин 2020-жылы тапшырган. Ошол кездеги жыйынтыктар жарактуу деп эсептелгендиктен кайра тест тапшырган эмес.
"Бул мөөнөтсүз сертификат. Мунун түзүмү TOEFL тестке окшош. Негизи эле жазуу бөлүгү кыйын. Адам шашып жатканда, толкунданып жатканда ката кетириши мүмкүн. Бирок кичинесинен кыргызча сүйлөп-жазып жүргөндөр оңой эле тапшырат. Мен болсо мурда TOEFL жана башка тесттерди тапшырып, текхинкалык жактан тажырыйбам бар. Ошондуктан "Кыргызтест" мага көп кыйынчылык жараткан эмес. Талапкерлер толкунданып калышты го деп ойлойм", - деди Аймен Касенов.
БШКга арыз калтыруу үчүн талапкерлерде шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө декларация, мамлекеттик тилди билүү денгээли "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.

Сүрөттүн булагы, скриншот
Андан кийинки баскычта шайлоочулардын 30 миң колун топтоо зарыл. Кол топтоо 8-декабрда аяктайт. Азырынча "Түндүк" тиркемесинде бир гана талапкердин ысымы турат.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат.
Президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январь күнү өтөт.

































