"Кызыл китеби барларга тийишпегиле"
"Кызыл китеби барларга тийишпегиле"
Published
Бишкектин Октябрь районуна караштуу 151-контурдан жер тилкесин алган жарандар 11-августта шаар башчысы менен жолугушту. Алар жергиликтүү бийликтен аталган аймакка турак жай курууга уруксат берүүнү талап кылып жатат. Калаа бийлиги болсо убагында аларга документ мыйзамсыз берилгенин айтууда. Бирок жарандардын менчик укугу сакталарын убада кылып, ал жерге көп кабаттуу үй куруу пландалып жатканын айтты.



