Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Сүрөттүн булагы, facebook/mavlian.askarbekov
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Активистти УКМК кызматкерлери 12-июнда кармап кеткенин блогер Адилет Айтикеев коомдук сайттарга жазып чыккан. Ал Аскарбековдун кайсы иш боюнча кармалганын айткан жок. УКМК да бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
13-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, Аскарбековду тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча айыпталып жатканын Мавлян Аскарбековдун адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди.
Ирискулбеков жана Мавлян Аскарбековдун жакындары райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арыз бере турганын журналисттерге айтышты.
Мавлян Аскарбеков кармалар алдында Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата чагымчыл мүнөздөгү материалдар таралып жатканын жазган эле:
"Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкери келип, мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап, азыр чыгарып жатышат. Жакын арада расмий жооп берем".
Кырк жети жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү түрдүү окуяларга пикирин ачык билдирип келген активисттердин бири. Ал бийликтин айрым аракеттерин сындап келгени менен белгилүү. Буга чейин Аскарбеков бир нече жолу парламенттик шайлоодо талапкер катары катышкан.
Ошондой эле ал Биринчи май районунун акиминин орун басары катары да иштеген.































