Дүйнө чемпионаты: күйөрмандардын үмүтү, командалардын дымагы

- Author, Андрей Козенко
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Футбол боюнча алдыдагы дүйнө чемпионаты бир катар критерийлерден улам адаттан тыш болмокчу: чемпионат бир эле учурда үч өлкөдө өтөт, саясий өңүтү бар, ал эми катышуучулардын саны рекорд койду – 48 команданын көпчүлүгү мындай деңгээлдеги турнирге биринчи жолу катышууда. Би-Би-Синин ар кайсы өлкөлөрдө иштеген журналисттери күйөрмандар командаларынан эмнелерди күтүп жатканын айтып беришет.
Англия: адаттагыдай эле дүрбөлөң
Англия дайыма болуп келгендей эле бул жолу да акыл-эсин жоготуп өз командасын сүрөйт, деп ишенет BBC Sports журналисти Фил Макналти. Бир гана максат бар: англиялыктар өз тарыхында экинчи жолу чемпионаттын жеңүүчүсү болгусу келет. Буга чейин Англия 1966-жылы чемпион болгон.
Көңүлдүн баары Англиянын курама командасынын капитаны Харри Кейнге бурулмакчы. "Ал жакында эле "Баварияда" карьерасындагы мыкты сезонду өткөрдү жана дүйнөлүк чемпионатка жакшы физикалык даярдыкта келатат", - деп белгилейт Макналти.
Кейнде кошумча мотивация да бар – бул анын дүйнө чемпионатында жеңишке жетүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү. Ал азыр 32 жашта, ал эми кыркка жакындаганда Месси жана Криштиану Роналду сыяктуу калыбында калабы же жокпу, муну болжолдоо кыйын.
2022-жылы Катарда Кейн пенальтиде гол киргизе албай койгондуктан, Англия чейрек финалда Францияга утулуп калган, деп эске салат Фил Макналти. Ошондуктан, бул жолу Кейндин жеке мотивациясы да күчтүү.
Бразилия: "Биз жеңе албайбыз го... Бирок жеңишке жетип калсакчы?!"
2014-жылы дүйнө чемпионаты Бразилияда өткөн эле. Ошондо күйөрмандар да, эксперттер да алтын медалдан башка эч кандай вариантты кабыл алышкан эмес.
Белу-Оризонти шаарында өткөн жарым финалга Бразилиянын жана Германиянын курама командалары чыккан болчу. Ошондо Бразилиянын эки футболчусу жаракат алышкан. Биринчи таймдан кийин эле дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия Германиядан 0:5 эсебинде утулган, жыйынтыктоочу эсеп 1:7 болгон. Трибунадагы адамдар көз жашын тыя алышкан эмес.
Сүрөттө: Бразилия чемпионатка италиялык Карло Анчелоттинин жетекчилиги алдында барат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
BBC News Brazil журналисти Джулия Гранчи Бразилияда эми турнирге мурдагыдай ишеним болбой калганын айтат. "Көптөгөн күйөрмандар автоматтык түрдө алдыңкылардын катарында болобуз деп эсептеген мезгил эчак өттү", - дейт ал.
"Ошентсе да дүйнө чемпионаты жакындаган сайын бразилиялыктарда тааныш сезимдер пайда боло баштады, - деп кошумчалады Джулия Гранчи. – Турнир үй-бүлөлөрдү, досторду, ал тургай таптакыр башка саясий көз караштагы адамдарды бириктире алган окуялардын бири бойдон калууда. Бул тынбай барбекю жасалган, адамдар бети-башын боеп алган, сары футболкалардын, балкондорго жана терезелерге илинген желектердин мезгили".
2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында Бразилия чейрек финалда Бельгияга, ал эми 2022-жылы Катарда да чейрек финалда Хорватияга 117-мүнөттө утулуп калган.
Бирок көйгөй айрым оюндардын жыйынтыгында эмес: журналисттер жана эксперттер курама команданы айыпташууда – футболчуларда өзүнө болгон ишеним, артисттик, башкалардан айырмалап турган өзгөчөлүк жоголду. Мына эми улуттук курама команда чет өлкөлүк машыктыруучу Карло Анчелотти менен чемпионатка баратат.
"Бразилиялык күйөрмандардын маанайын мындайча сүрөттөсө болот: "Биз жеңе албайбыз го..., а бирок жеңип алсакчы?!". Күйөрмандар мурдагыдай көптү күтпөй калышты, бирок үмүт жетиштүү", - дейт Джулия Гранчи.
Европа: майрам алдындагы маанай көпкө созулбашы мүмкүн
Би-Би-Синин Европадагы кабарчысы Лаура Гоцци мындай дейт: "Мен бир нече досум менен сүйлөштүм, азырынча бизде бир эле сезим бар: командалар абдан көп, Англия шейшембиде гана, ал эми Португалия бейшембиде ойнойт. Анан ушул майрам алдындагы маанай узакка созулбачудай".
Жалпысынан Европада футболдун айланасында сөздөр көп эле болууда, бирок "ким жеңишке жетет?" деген суроо анчалык кызыктырган жок. "АКШнын иммиграциялык саясаты катаалдашканы, ФИФАнын өтө кымбат билеттери, командалардын лагерлери оюн өтчү шаарлардан алыс жайгашканы тууралуу сөздөр көбүрөөк", - дейт Лаура Гоцци.
Анын айтымында, Францияда топтук этаптын бардык беттештери +28°C температурада өтөөрүнө абдан тынчсызданып жатышат, себеби бул оюндун сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн.
Букмекерлердин баамында, Франция – башкы фаворит, курама команда Катарда өткөн Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентинага утулуп калганы үчүн бул жолу андан жеңишти гана күтүшүүдө.
Андан кийинки эле орунда Испания турат. Команданын бул жолку курамы мыкты, жаш Ламин Ямаль – башкы жылдыз, бирок азырынча команда ушул жерде жана азыр ийгиликке жете алчудай көрүнбөйт.
Португалия бул жолу тандоо жасоого мажбур: же татыктуу оюн көрсөтөт, же Криштиану Роналду менен салтанаттуу коштошот. Даңазалуу, бирок 41 жаштагы футболчу акыркы жылдары чабуулдун башында гана ойноп келатат, ал эми заманбап футболдо мындай ийкемсиз мамиле өтпөй калды, себеби бир эле учурда бир нече позицияда ойноп, жок дегенде коргоого кайтып туруш керек.
Германия дагы деле өзүн издеп жүрөт, жаңы таланттар аз; Бельгия өзүнүн "алтын мууну" менен коштошуп жатат, бир командада ушунчалык көп мыкты футболчулар болгону менен, алар көзгө илерлик жеңишке жетише алган жок.
Шотландияда 15-июнь бир нече ири шаарда (Глазго, Данди жана Абердин) дем алыш күнү деп жарыяланды – курама команда жекшембиге караган түнү Гаити менен ойнойт. Шотландиянын курама командасы үчүн бул XXI кылымда Дүйнө чемпионатындагы биринчи оюн болмокчу.
Мындан тышкары Шотландияда чемпионаттын аягына чейин пабдарга дээрлик түнү бою иштөөгө уруксат берилди.
"Ал эми Италияда дүйнөнүн төрт жолку чемпиондору квалификациядан өтө албай калгандыктан өлкөдө эч ким Дүйнө чемпионатынын айланасындагы жаңылыктарга көз салган жок, себеби бул жүрөктү ооруткан тема!", - дейт Лаура Гоцци.
Латын Америкасы: кумар жана үмүт
Латын Америкасы – бул футбол менен дем алган чөлкөм, - дейт BBC Mundo испан тилдүү редакциясынын журналисти Ана Паис. Анын айтымында, чемпионатка катыша албай калган командалардын күйөрмандары баары бир кимди сүрөй турганын чечип алышты.
Дүйнө чемпионатына бараткандар өзүнүн мыкты жыйынтыгынан ашып түшкүсү келет. Ал эми мурда кубокту алгандар ошол жеңишти кайрадан көксөп баратат.
Мисалы, учурдагы чемпион Аргентина эки дүйнөлүк чемпионатта катары менен жеңишке жеткен үчүнчү команда болгусу келет. Буга чейин Италия менен Бразилия гана эки жолу чемпион болушкан.
Бүгүнкү күндө 26 оюнчунун 17си, анын ичинде Лионель Месси Катарда 2022-жылы өткөн дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен курама командада ойношкон. Бул Мессинин алтынчы дүйнөлүк чемпионаты.
Колумбия, Эквадор, Парагвай, Уругвай жана Мексика чемпиондукка талапкерлер катары көп деле каралган жок. Бирок алар менен кармаш бир дагы командага оңой болбойт.
"Латын Америкасынын кайсы командасы алдыга озуп чыкканына карабастан, бир ай бою континенттин ар бир жашоочусунун эс-дарты оюнда болот", - деп жыйынтыктады Ана Паис.
Африка алгачкы чемпионун күтүп жатат
Африкадан чыккан командалардын бири да эч качан дүйнө чемпиону болгон эмес, бирок бул багытта аракеттер эч токтогон эмес.
BBC Sport Africa журналисти Роб Стивенс быйылкы финалдык турнирге Марокконун мисалынан шыктанган он африкалык команда баратканын эске салды. Марокко 2022-жылы Катарда өткөн чемпионатта төртүнчү орунду алган эле.
Мароккодо 2009-жылдан бери Африкадагы эң мыкты футбол борборлорунун бири иштейт, ал эми футбол федерациясы Европадагы чемпионаттарда диаспорадан чыккан таланттуу футболчуларды издеп келет.
Стивенстин пикири боюнча, сенсацияга айланышы мүмкүн дагы бир команда бар – бул Сенегал. Бул өлкө Мароккодон айырмаланып, футбол жылдыздарын үйүндө өстүрүп, андан ары аларды келечектүү же күчтүү чемпионаттарга сатат.
Кабо-Верде – Батыш Африканын жээгиндеги мамлекет, чемпионатка биринчи жолу баратат. Бул курамада Европанын алдыңкы чемпионаттарына катышкан оюнчулар жок. Бул жерде чемпионатка катышууну 1975-жылы өлкөнүн Португалиядан эгемен болгонуна жана 1991-жылы өткөн биринчи жалпы улуттук көп партиялуу шайлоого тете окуя катары кабыл алышууда.
Роб Стивенс Кабо-Верденин командасы күтүүсүз оюн көрсөтүшү мүмкүн экенин айтты – бул команданын техникалык деңгээли абдан жогору.
Конго 1974-жылдан бери биринчи жолу чемпионатта ойнойт. Анын чемпионатка жолу кыйла оор болду, себеби команда турнирге даярданып жаткан маалда өлкөдө Эбола вирусу чыкты.
Чемпионаттын уюштуруучулары жана АКШнын бийлиги курама командадан 21 күн обочолонууну талап кылды. Күйөрмандар да келе албай калышы мүмкүн, себеби жол кире өтө кымбат жана виза оңою менен берилбей жатат.
Жакынкы Чыгыш: согуш жана тынчтык
Каирдеги BBC News Arabic журналисти Мохамед Элькауддун айтымында, араб өлкөлөрүндө дүйнө чемпионаты дайыма чөлкөмдөгү татаал кырдаал менен коштолуп келет.
Көчөдөгү кофеканаларда жана социалдык тармактарда ким чемпион болору кызуу талкууланып жатат. Жеңишке талапкер катары Аргентина, Франция, Испания жана Бразилия каралууда.
Аймакта оор жаңжалдар уланууда, бирок буга карабастан, бул жерде миллиондогон адамдар футболду кызыгуу менен көрүшөт.
Иорданиянын Дүйнө чемпионатындагы дебютун Элькауд жомокко салыштырды: жаш-кары дебей өлкөнүн бүткүл калкы телевизордон көзүн албайт. Команданын башкы жылдызы – Муса Аль-Тамари.
"Ливерпулдан" кетип жаткан Мохаммед Салах Египет үчүн акыркы жолу ушундай жогорку деңгээлде ойнойт сыягы.
Журналист Мохамед Элькауддун айтымында, Сауд Аравиясы плей-оффко умтулуп жатат. Сауд Аравиясынын улуттук лигасы дүйнөдөгү эң күчтүү команда болбосо да, анын дымагы өтө көп: анын курамында Криштиану Роналду башында турган көптөгөн жылдыздар ойнойт.
Ирактын "Месопотамиянын арстандары" 40 жылдык тыныгуудан кийин дүйнөлүк чемпионатка кайтып келатат. Ал эми Катар Дүйнө чемпионатын бир жолу кабыл алган өлкө гана эмес, ошону менен бирге анын ийгилиги стратегияга негизделгенин да далилдегиси келип жатат.
Индия менен Кытай футболду туруктуу эл аралык деңгээлге чыгарууга аракет кылышкан, бирок аларга дымак, саясий эрк, кээде жөн гана каалоо да жетпей калгандай. Кытайдын курама командасы финалдык турнирге бир гана жолу, 2002-жылы кирген, ал эми Индия бир дагы жолу катышкан эмес. Индиянын өзүнүн спорту – крикет бар жана футбол ага татыктуу атаандаштык кыла алган жок.
Дүйнө чемпионаты бүгүн, 11-июнда кечинде башталып, 19-июлга чейин уланат. Мексика легендарлуу "Ацтека" стадионунда Түштүк Африканы кабыл алат. (ZMa)































