Бензин менен дизелге салыктарды азайтуу сунушталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасын кымбаттатпай кармоо үчүн салыктарды убактылуу азайтуу сунушталды.Министрлер кабинетинин бул тууралуу жаңы токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Анда 15-майдан 30-сентябрга чейин Аи-92 бензинине кошумча нарк салыгын 8% чейин түшүрүү сунушталууда. Ал эми дизелдик күйүүчү майга аны таптакыр эле жоюп салуу каралууда.
Мындан тышкары, бензинге болгон акциз салыгын да азайтуу сунушталды. Азыр Аи-92 бензининин ар бир тоннасына 5 миң сом акциз төлөнсө, аны 3 миң сомго чейин түшүрүү каралып жатат. Дизелдик күйүүчү майдын акциз салыгын болсо төрт айга толугу менен алып салуу сунушталууда.
Өкмөт бул чаралар менен күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап, өлкөдө бензин менен дизелдин тартыштыгына жол бербөөгө аракет жасоодо.
Ошондой эле өкмөт айрым мунай жана мунай продуктуларын Кыргызстанга автоунаа менен ташып келүүгө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салууга барганы жатат.
Кыргызстан күйүүчү май жана дизель отунун Орусиядан кымбатыраак баага сатып ала баштаганын өткөн аптада "Ынтымак Ордонун" маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында жазып чыккан эле.
Анын айтымында, согуш башталганга чейин Кыргызстан Орусиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар болуп жатат. Ал эми дизель отунун мурда тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты.
Орунбеков буга АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттаганы себеп болгонун, анын Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасири тийип жатканын айтты.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрү тууралуу буга чейин "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясы" айтып, өкмөткө сунушун берген эле.
Ассоциациянын президенти Канат Эшатов Биринчи радиого апрелде курган маегинде баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган болчу.
Кыргызстан күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат.
































