Орусия түн ичинде Украинага ири сокку уруп, адам өмүрлөрү кыйылды

Украина

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Орусия түн ичинде Украинанын бир нече шаарына ири чабуул жасап, кеминде беш адамдын өмүрү кыйылганы, ондогон адам жаракат алганы кабарланды.

Днепр шаарында төрт адам каза болуп, 16 адам жаракат алган. Киевде дагы бир адамдын өмүрү кыйылып, Орусиянын соккуларынан кийин кеминде 29 адам жаракат алганы айтылды.

Киевде миңдеген адамдар жер төлөлөргө жана баш калкалоочу жайларга жашынууга аргасыз болушкан. Шаардын борбордук бөлүгүн кара түтүн каптап, Украинанын көпчүлүк аймактарында абадан коргонуу сигналдары иштеп турган.

Москва өткөн аптада Украинанын аймагындагы, Орусия көзөмөлдөгөн Луганск облусундагы жатаканага дрон менен жасалган чабуулга жооп катары "системалуу соккулар" болорун эскерткен. Ал чабуулда 21 адам каза болгон.

Киевдин мэри Виталий Кличко адамдарды баш калкалоочу жайларда болууга чакырды. Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко "душман баллистикалык ракеталар менен сокку уруп жатат" деп билдирди.

Кличконун айтымында, көп кабаттуу эки турак үйгө сокку тийип, урандылардын алдында адамдар калып калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Таңга маал Киевге жасалган чабуулдар учурунда дрондордун ызы-чуусу жана ондон ашык катуу жарылуулар угулган. Соккулардын кесепетинен өрт чыгып, шаарда электр жарыгы өчкөн учурлар катталды. Зыяндын толук көлөмү азырынча тактала элек.

Запорожье шаарында да өнөр жай объектиси аткыланганы кабарланды.

Бул чабуулдар Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбү күнү мүмкүн болгон ири соккулар тууралуу эскертип, тургундарды абадан коргонуу сигналдарына өзгөчө көңүл бурууга чакыргандан кийин болду.

"Орусиянын соккулары тууралуу чалгын маалыматтары күчүндө. Ири масштабдагы сокку болушу мүмкүн, алар буга даярданып жатышат",- деген Зеленский өзүнүн кечки видео кайрылуусунда.

Өткөн аптада Орусия Киевдеги аскердик жана чечим кабыл алуучу борборлорду бутага аларын билдирип, чет өлкөлүктөрдү шаардан чыгып кетүүгө чакырган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө 21-22-май түнү Старобельск багытында чабуул жасалганын, бирок ал жерде орус аскер бөлүгүнө сокку урулганын маалымдаган.