Улуу Британия Кыргызстандын дагы бир банкына жана эки компаниясына карата санкция киргизди

санкциялар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Улуу Британия Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага 18 жеке жана юридикалык жакты кошту.

Алардын ичинен үчөө Кыргызстанда катталган: «Евразия аманат Банкы», «Мамлекеттик брокердик компания» жана «Виртуалдык активдердин эмитенти» ачык акционердик коомдору.

Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүктүрүү министрлиги 26-майда Орусияга каршы санкциялар режиминин алкагында GOV.UK сайтындагы санкциялык тизмени жаңартты. Документте чектөөлөр 18 жаңы фигурантка карата киргизилгени айтылат.

Тизмеге криптоплатформалар жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан компаниялар кирген: EXMO Exchange Limited, Nueva Cryptologia / ABCEX, Arvix LLC, Rapira Group LLC, Alistera Limited, Bitpapa IC FZC LLC, Aifory LLC, Huobi Global S.A. / HTX, ошондой эле бир катар жеке жактар.

Бул жолу санкцияга илинген Кыргызстандык компаниялар

Документте Кыргызстандын үч уюму өзүнчө көрсөтүлүп, Британия «Евразия Сактык Банкы» ААК банк Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык мааниге ээ болгон тармакта иштеген адамдарга финансылык кызмат көрсөтүү секторунда иш жүргүзгөн" деп билдирет.

«Мамлекеттик брокердик компания» ААК болсо, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, финансылык рынокторду башкаруу менен алектенет. Ага Финансы министрлиги «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК менен биргеликте ээлик кылат. Улуу Британия бул компания Орусия өкмөтүнөн пайда көрүшү мүмкүн же Орусия үчүн экономикалык мааниге ээ ишмердүүлүк аркылуу аны колдоп жатат деп эсептейт.

«Виртуалдык активдердин эмитенти» ААК / USDKG. Документте бул түзүм да Орусия өкмөтүнөн пайда алышы же аны экономикалык маанилүү ишмердүүлүк аркылуу колдошу мүмкүн экени белгиленген. Компанияга Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылат. Ал USD KG улуттук долларлык стейблкоинин чыгаруу менен алектенет.

Киргизилген чектөөлөр

«Евразиялык аманат Банкына» карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө, директорлор үчүн тыюу салуу, ошондой эле корреспонденттик банктык мамилелерге жана төлөмдөрдү иштеп чыгууга тыюу салынды.

«Мамлекеттик брокердик компания» жана «Виртуалдык активдердин эмитентине» карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлор үчүн да тыюу салуулар киргизилди. «Виртуалдык активдердин эмитенти» үчүн кошумча интернет-санкциялар да каралган. Бул британ социалдык тармактары, интернет-провайдерлер жана колдонмолор дүкөндөрү бул компаниянын кызматтарын чектеп, финансылык операциялары бөгөттөлөт дегенди билдирет.

Жалпысынан жаңы санкциялар Орусиянын финансы сектору, криптоинфраструктурасы, A7 түйүнү, ошондой эле Garantex жана Grinex компаниялары менен байланышы бар деп эсептелген уюмдарга тиешелүү.

Аталган тизмеге кирген жеке жактарга активдерин тоңдуруу, Улуу Британияга кирүүгө тыюу салуу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлук кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.

Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн айтып келет

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия да Кыргызстандагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Расмий Лондон ошондой эле "Капитал банкты" да бутага алган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салган. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошкон. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырган.

Көп өтпөй, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча расмий билдирүү таратып, бул чечимге "өкүнүчүн жана тынчсыздануусун" билдирген эле.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси акыркы убактарда европалык өнөктөштөрү менен санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча туруктуу байланышта болуп келгенин белгилеген.

"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат", - деп айтылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.