Кыргыз паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн чет өлкөдө колдонууда көйгөй болуп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 31-мартта "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн чет өлкөлөрдөгү макамына жана таанылышына арналган атайын маалымат жыйыны өттү. Буга чейин социалдык тармактарда Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Прибалтика мамлекеттеринде жаңы күбөлүктөр таанылбай жатканына даттангандар болгон.
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маалымат жыйынында билдиргендей, учурда бул маселени тактоо боюнча Беларустагы элчиликке тийиштүү тапшырмалар берилген.
Ал 2025-жылдын 30-декабрынан тарта эле ТИМ тарабынан бардык чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелерге жаңы үлгүдөгү күбөлүктөрдү легалдаштыруу тапшырмасы берилгенин айтты.
"Биздин Европадагы элчиликтерибиз Германия, Дания, Норвегия, Польша, Швеция, Финляндия жана Прибалтика өлкөлөрүнүн ТИМдерине тиешелүү дипломатиялык ноталар жөнөтүлгөн. Тийешелүү жумуштарды, биздин бардык 32 дипломатиялык мекеме жана 10 башкы консулдук легалдаштыруу процессин аяктады. Легалдаштарыруу башталгандан бери ушул күнгө чейин үч ай өтүп калды. Бүгүнкү күнгө карата расмий органдардан кандайдыр бир эскертүү же арыз-даттануу түшкөн жок", - деди Имангазиев.
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр талаптагыдай жасалып жатканын айтып, мүчүлүштүктү четке какты.
Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүктөрү Европа өлкөлөрүндө таанылбай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Андай видеолордун биринде жаңы күбөлүктөр Женева конвенциясынын талаптарына туура келбей турган айтылган.
"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында өлкөнүн жаңы үлгүдөгү паспортун да чет өлкөдө колдонууда көйгөйлөр болуп жатат деген видео боюнча суроолор көтөрүлдү.
Соцтармакта жаңы кыргыз паспортуна нааразы болгон жигиттин видеосу тараган:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кыргызстандын жаңы чет элдик паспорту канды ичти. Жаңы берилген паспорттун сүрөтү турган жери пластик экен. Аны сканер албайт, өтпөйт. Малайзиядан өтпөйт, Кореядан өтпөйт, Жапониядан өтпөйт. Кимдики дагы ушундай жаңы паспорт болсо, аэропортко эрте келгиле. Биздин тобубузда бир кыздын паспорту ушундай экен, дагы деле өтө албай турат. Жапониянын паспорттук текшерүүсүнөн өтө элек".
Бообек Салимжанов билдиргендей, Жапониядагы окуяда документ аппаратка салганда окулбай калган. Ал паспорт терминалга туура эмес салынган деп эсептейт.
"Роботко тескерисинен салып жатат. Роботко деле көрө турган жагын салса, ал деле иштемек. Ошол эле кезде Жапонияда чек арачылар ушул паспорт менен аны өткөрүп жатпайбы. Кыргызстандан Жапонияга учуп жатат. Кыргызстандын чек арачылары өткөрүп жатат. Жапониянын чек арачылары да муну көрүп, туура эле паспорт экен деп, өткөрүп жатат. Ал эми роботко салганда ошол окубай койду. Эгер робот окубай койсо, ал роботтун проблемасы го деп ойлойм. Эгер терминал документти окубай жатса, бул паспорт жарамсыз дегенди билдирбейт", - деди Салимжанов.
Кыргызстан акыркы кезде бардык улуттук документтерин өзү жасай баштаганын айтып келет. Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Кыргызстан өз акчасы - сомду да өзү басып чыгара баштаганын жарыялаган.
"Мындан тышкары, улуттук документтерибиз: жалпы жарандык паспорт, ID-карт паспортторду, айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспортун ж.б документтерди жогорку сапатта чыгарып жатабыз. Башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар эле ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даярбыз", - деген президент.
Айдоочулук күбөлүктү бекер алмаштыруу өнөктүгү аяктады
Ал арада бүгүн айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктаганы жарыяланды.
Президент Садыр Жапаров "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 31-мартта мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк жыйынтыкталды.
1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.
"Унаа" мекемеси буга чейин күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясынын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык күбөлүк жаңыртылганын билдирген.






























