Кыргызстан чет өлкөлүк жарандар үчүн миграциялык эрежелерди өзгөрттү

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз бийлиги чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсү жана иштөөсү үчүн жаңы бирдиктүү тартип киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы тартип миграциялык жол-жоболорду жакшыртууга, чет өлкөлүктөрдүн тиешелүү документтерди алуу процессин ачык жана ыңгайлуу кылууга багытталган.
"Буга чейин тиешелүү жол-жоболор бир нече ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынып келген. Кабыл алынган токтом менен көрсөтүлгөн жол-жоболор системалаштырылды жана бир убактылуу жобонун алкагында бириктирилди. Бул "Электрондук виза" порталы аркылуу визаларды, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө механизмдерин комплекстүү колдонууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет",- деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанга иштөө үчүн келген чет өлкөлүктөрдүн документ алуу тартиби бир системага киргизилди.
Жаңы тартипке ылайык, алгач 60 күнгө чейинки мөөнөткө "бирдиктүү уруксат" берилет. Эгер адам Кыргызстанда андан ары да калууга муктаж болсо, андан кийин резидент-карта жасалат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, соңку жылдары өлкөгө келип жаткан чет элдик мигранттардын саны өсүүдө. Кыргызстан мурда мигранттарды жөнөтүүчү өлкө болуп келсе, учурда жумуш издеп келген чет элдиктер дагы аз эмес.
























