Активист Азамат Баяманов эки айга камалды
Активист Азамат Баяманов эки айга камалды
Published
Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Азамат Баямановду 2026-жылдын 25-сентябрына чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Соттун маалыматына ылайык, 25-июлдагы токтом менен тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Баямановго карата бөгөт коюу чарасы катары камак тандалды. Ал Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалат.



