Улуттук илимдер академиясында жетекчилик алмашты

Канатбек Абдрахматов

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Абдрахматов академияны 2022-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген. Ал ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору кызматын да аркалап келе жаткан.

Улуттук илимдер академиясынын жаңы президенти болуп биология илимдеринин доктору, профессор Бекмамат Жээнбаев дайындалды.

Ачык булактарга ылайык, Жээнбаев 1960-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, кийин Москвадагы Орусия Илимдер академиясынын Геохимия институтунда аспирантурада окуган.

Эмгек жолунда инженерден тартып илимий кызматкерге, кийин Биология жана топурак таануу институтунун директоруна чейин иштеген.

Ал континенттердин биогеохимиясы жана организмдердин геохимиялык экологиясы багытында эмгектенген окумуштуу катары белгилүү. Анын 60тан ашуун илимий эмгеги жана эки монографиясы жарыяланганы айтылат.