Иркутскта малды жок кылышууда: Орусияда шарп илдети жайылып жатабы?

Сүрөттө: Бутырка айылында малды жок кылышууда, 2026-жылдын сентябры
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Бутырка айылында малды жок кылышууда, 2026-жылдын сентябры
    • Author, Сергей Кагермазов
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Иркутск облусунда элдин малын тартып алып, өрттөп жатышат. Би-Би-Си кепке тарткан айрым малчылар бийлик кооптуу илдет – шарп менен ушинтип күрөшүп жатат деп ойлошууда. Жергиликтүү тургундардын бири айласын таппай, өз жанын кыюуга аракет кылган, ал эми малчылар аларга кырдаалды ачык талкуулоого тыюу салынганын билдиришти. Бийликтин ырасташынча, мал анча коркунучтуу болбогон ооруга – түйүндүү дерматитке чалдыккан. Орусияда шарп оорусу жайылып жатат деген шектенүүлөр 2025-жылдын аягында пайда болгон. Эгерде илдет тастыкталса, Орусиянын чет өлкөгө мал азыктарын сатуусу кыйла кыйындайт.

"Адамдардын эч айласы калбады"

"Бул – шарп. Малдын оозунан көбүк чыгып, сулп эле кырылып жатат", - деди Би-Би-Сиге Иркутск облусунун Турская айылынын тургундарынын бири. Анын айтымында, айылга карантин эрежелери киргизилди жана ал кошуналардын малы бул вирусту жуктуруп алганынан күмөн санабайт.

Анткен менен облустун губернатору Игорь Кобзев 2-сентябрда карантин башка илдетке – түйүндүү дерматитке байланыштуу киргизилгенин айтты. Анын очоктору Иркутск шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Иркутск муниципалдык округунун Бутырка айылындагы эки чарбадан аныкталган. Карантин киргизилген аймакка 10 км радиустагы дагы 11 айыл кирди. Бийликтин божомолу боюнча, кимдир бирөө бодо малды сырттан мыйзамсыз алып киргенден кийин инфекция жайыла баштады.

Забайкальенин мамлекеттик ветеринардык кызматы түйүндүү дерматит тууралуу эскертмени өз сайтына 25-августта эле жарыялаган.

Би-Би-Си Бутыркада жашаган Евгений Малетин менен баарлашты, илдет анын алты уйун жана чочкосун алып кеткен. "Кошунанын 16 баш малы бар болчу, баарын алып кетишти. Адамдардын эч айласы калбады, эч ким мал баккысы келбей калды", - дейт Малетин.

Малетин ага малды алып кеткендиги тууралуу документ беришкенин айтты. Кагазда мунун себеби катары түйүндүү дерматитти көрсөтүшкөн, бирок Малетин мал шап илдетине чалдыккан деп эсептейт, себеби "бардык белгилер дал келип жатат" жана бул эки оорунун белгилерин чаташтыруу такыр мүмкүн эмес.

Түйүндүү дерматиттин алгачкы белгилери инфекция жуккан соң бир айдан кийин байкалышы мүмкүн. Оору курч фазасына өткөндө малдын табы көтөрүлөт, калтыратма төрт күндөн 14 күнгө чейин созулат, малдын терисинде жана былжыр челдеринде түйүнчөктүү катуу шишиктер жана эрозиялар пайда болот, лимфа түйүндөрү чоңоёт, көздөрү жабыркайт, ал эми уй сүт бербей калат. Орусиянын Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдын 27-августундагы №588 буйругунда түйүндүү дерматитке чалдыккан малды ошол замат жок кылбастан, башка малдан обочолонтуп, дарылаш керектиги айтылат.

Ал эми шарп илдети жукканда жаралар жана эрозиялар пайда болот, малдын шилекейи куюлуп калат, мал аксап, табити жоголот. Оору андан ары жайылбашы үчүн ылаңдаган малды, эреже боюнча, жок кылыш керек.

Бутырканын тургундарынын бири Би-Би-Сиге малды алып коюу жөнүндө документтин сүрөтүн жөнөттү. Облустук ветеринардык кызматка караштуу Иркутск райондук жаныбарлардын ооруларына каршы күрөшүү станциясы малды түйүндүү дерматитке байланыштуу алып жатышканын, бул илдетке чалдыкканда эмне кылыш керектиги тууралуу ветеринардык эрежелерге таянганын жазды. Бирок, ветеринарлар ылаңдаган малды жок кылыш керек деп жазышууда, ал эми бул талап түйүндүү дерматитке эмес, шарпка каршы күрөшүү эрежелерине тиешелүү.

Сүрөттө: Бутырка айылынын тургундарынын биринен малды алуу жөнүндө документ
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Бутырка айылынын тургундарынын биринен малды алуу жөнүндө документ
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

4-сентябрда Иркутск муниципалдык округунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. "Кырдаал өтө оор", - деп жазды телеграм-каналына округдун мэри Леонид Флоров. Малетиндин айтымында, ошол эле күнү аларга малды жок кылышарын айтышкан.

6-сентябрда Бутыркада эл жыйынга чогулду. Жерине жол кайгуул кызматынын үч унаасы, Фролов, облустун губернатору Кобзев жана региондун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Владимир Читоркин келишти. Чогулган элге илдет менен күрөшүүнүн негизги ыкмасы – малды жок кылуу экенин билдиришти. "Глубина" басылмасы Евгений Малетинге шилтеме берип, губернатор камераларды өчүрүүнү талап кылып, эгерде адамдар малын өткөрүп бербесе, аларды банкротко алып келе турган шарттарды түзөрүн айтып коркутканын жазды.

Кийинки күнү илдет жайылган айылдарга эпизоотолог Светлана Щепёткина келди. 9-сентябрда ал Иркутск облусунун прокуратурасына жана Жаратылышты көзөмөлдөө департаментинин облустук башкармалыгына арыз жолдоду. Щепёткинанын айтымында, айылдарда шарп оорусунун эпидемиясы жүрүп жаткан чакта, ветеринарлар жана аткаминерлер бул ооруга каршы күрөшүү эрежелерин бузуп жатышат. Шепёткина менен бирге прокуратурага, Тергөө комитетине жана ФСБга карантинге алынган айылдардын 18 тургуну кайрылды.

Ошол эле күнү Интернетке малдын анализдеринин жыйынтыктарын көрсөтпөй жатышканы тууралуу Бутырканын айрым тургундарынын кайрылуусу чыкты.

"Люди Байкала" басылмасы малы жок кылынарын уккандан кийин өз жанын кыюуга даярданып жаткан жергиликтүү тургундун кайрылуусун жарыялады. Ветеринар Щепёткина аялды аман алып калышканын тактады. Жергиликтүү тургундардын бири Би-Би-Сиге анын таанышы өз жанын кыюуга аракет кылганын тастыктады, себеби анын бардык малын алып кетишкен, чарбасында тооктору гана калган.

Бутырканын бир нече тургуну "айылда болуп жаткан окуялардын чоо-жайын эч кимге айтпайбыз" деген кагазга кол коюшканын Би-Би-Сиге билдиришти. "Албетте, эч ким эч нерсе айта албай калды, бирок баары эле өз ара сүйлөшүп жатышат", - деди айылдын тургуну Марина. Анын да малын алып кетишкен экен.

"Мен үчүн бул эт эмес. Ал үй-бүлөбүздүн мүчөсү болчу", - деп кейиди Марина. Малды жок кылганы келишкенде Марина өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакырууга туура келди.

Сүрөттө: "Эч ким мал баккысы келбей калды", - дейт Евгений Малетин (сүрөттө ал аялы Нина менен)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: "Эч ким мал баккысы келбей калды", - дейт Евгений Малетин (сүрөттө ал аялы Нина менен)

Бутырканын тургундарынын айрымдары бийликтин аракеттерин колдошууда. Мисалы, Антондун чарбасын бийлик өкүлдөрү оорунун очокторунун бири деп тапкан, ал Би-Би-Сиге бул түйүндүү дерматит экенине ишенерин айтты. "Малдын ылаңдап калганына өзүбүз күнөөлүүбүз. Эми кырдаалды курчутуунун канчалык кажети бар? 90-жылдары социализмдин ордуна капитализмди каалабадыңар беле. Азыр талаптарга жооп берген ветеринардык кызмат жок. Биз өзүбүз күнөөлүүбүз", - дейт Антон.

Малды 9-сентябрда эмдей башташкан, ал эми айыл чарба министринин орун басары Роман Некрасов аймакка учуп келген. 10-сентябрда губернатор Кобзев малдын 70% эмделгенин билдирди.

Бирок, Оёк айылынын тургуну Василий Токарев жана Кота айылынын тургуну Анастасия Перфильева Би-Би-Сиге ветеринарлар эритмени машинанын ичинде эле даярдап, шприцтерди толтуруп жатышканын айтышты. Ал шприцте эмне бар экени белгисиз. Эмдөө тууралуу документтерди эч ким бербей жатат. Жергиликтүү тургундар алардын малын түйүндүү дерматитке каршы эмдеп жатышабы же шарпка каршыбы – муну так билишпейт.

13-сентябрга карата маалымат боюнча, оорунун очоктору 46 чарбада аныкталды.

Малды өрттөшүүдө

Иркутск облусунун тургундары өлтүрүлгөн малды жок кылууга байланыштуу көйгөйлөргө туш болууда. Өлүк мал жүктөлгөн унаалар айылдарды аралап өтүүдө. Оёк айылында мындай жүк ташуучу унааны киргизбей, башка жактан айланып өтүшүн талап кылышкан.

Бутырканын тургундарынын бири Ольга Смирнова видео тартып алып, аны Би-Би-Сиге жөнөткөн. Ал видеодон жолдун боюнда жаткан малдын өлүктөрүн көрүүгө болот. Кызматкерлер малды жок кылчу жерге жеткирип баратканда өлүк мал унаадан түшүп калган болушу ыктымал.

Малды жергиликтүү Сарафановка дарыясынын жээгиндеги чуңкурда өрттөп жатышат. Адегенде аны айылга жакын жерде өрттөмөк болушкан, бирок жергиликтүүлөр мындай чечимге кескин каршы чыгышкан. Кээ бир тургундар өлүк малды өрттөгөндөн кийин түтүн айылды каптап жатканын айтып даттанышууда.

Орусияда шарп илдети жайылып жатканы тууралуу кептер дээрлик бир жылдан бери жүрүп жатат.

2024-жылы бул аймактарда түйүндүү дерматиттин жайылышы катталган. Андан кийин оору Оёк айылында Василий Токаревдин чарбасынан табылып, жүз баш малдын баары жок кылынган.

2025-жылдын аягынан бери Сибирде инфекция тынымсыз жайылып жатканы байкалууда. Айрым эсептөөлөргө караганда, ошондон бери 90 миңден ашык мал жок кылынды, бул Орусиядагы бардык бодо малдын болжол менен 0,5% түзөт. Бийлик өкүлдөрү жазында пастереллез илдети жайылып жатканын айтышкан, бирок ошол эле учурда айрым малчылар шарптын эпидемиясынан шектенишкен. Мисалы, жазында Новосибирск облусунда пастереллез илдети жайылып жатат деп, малды жапырт түрдө жок кылышкан. "Новая газета.Европа" малчылардын арасындагы булактарга таянып, облуста шарп эпидемиясы жүрүп жатканын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ДЖСУ) эрежелерине ылайык, эгерде шарптын жайылышы тастыкталса, Орусия мал азыктарына бул оору жукпагандыгы тууралуу атайын эл аралык сертификатты көрсөтүп гана сата алат. Иш жүзүндө болсо орусиялык продукциянын импортуна тыюу салынат.

2025-жылдан бери Орусия шарптан таза өлкө статусун сактап келатат. Бул статусту ДЖСУ ыйгарат. Орусиядагы ар бир лаборатория бир сутканын ичинде ДЖСУга шарп катталган учурлар тууралуу билдирүүгө милдеттүү. Мындай маалыматты жашырган өлкө эл аралык уюмдун мүчөсү катары аброюн жоготуп, соодасына зыян келет.

Казакстан жыл башында эле Орусиядан эт жана мал ташууга тыюу салып, май айынын аягында гана бул тыюуну алган. 17-мартта Беларус Орусиянын бир нече аймагынан мал азыктарын алып кирүүгө тыюу салган. (ZMa)