“Кайгы жана кубаныч”. Түркия жана Сириядагы абал сүрөттөрдө

Немис жана британ куткаруучулары 5 жашар Мехмет Хамза жана анын апасы Серап Топалды куткарган учур. Алар урандылардын астында 68 саат жаткан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Немис жана британ куткаруучулары 5 жашар Мехмет Хамза жана анын апасы Серап Топалды куткарган учур. Алар урандылардын астында 68 саат жаткан
Published

Түркия менен Сириянын ортосунда болгон чоң зилзала 12 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды - анын тогуз миңи түркиялыктар. Жабыркагандардын саны 80 миңге чукулдап калды.

Бул акыркы сандар эмес - урандылардын астында дагы далай киши калууда. Дүйнөнүн бир нече өлкөсүнөн келген куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүүдө. Би-Би-Си кыскача сүрөт баян даярдады.

Адыяман шаарында куткаруу операциясына катышкан кишилер от жагып, жылынып жатышат. Кыштын суугу куткаруу ишинбир топ татаалдаштырды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адыяман шаарында куткаруу операциясына катышкан кишилер от жагып, жылынып жатышат. Кыштын суугу куткаруу ишинбир топ татаалдаштырды
Издөө иштерине атайын даярдалган иттер да катышууда. Сүрөттө Алжирдеги куткаруучулар Сириянын Алеппо шаарында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Издөө иштерине атайын даярдалган иттер да катышууда. Сүрөттө Алжирдеги куткаруучулар Сириянын Алеппо шаарында
Кыргызстан да Түркияга 60тан ашуун куткаруучу жиберди. ӨКМдин 9-февралга карата маалыматына ылайык, кыргызстандыктар урандылардын астынан 19 адамдын сөөгүн чыгарды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан да Түркияга 60тан ашуун куткаруучу жиберди. ӨКМдин 9-февралга карата маалыматына ылайык, кыргызстандыктар урандылардын астынан 19 адамдын сөөгүн чыгарды
Ал арада Вашингтондун Дюпон аймагында Түркия жана Сириядагы курмандыктарды эскерүү үчүн шам жагышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал арада Вашингтондун Дюпон аймагында Түркия жана Сириядагы курмандыктарды эскерүү үчүн шам жагышты
Искендерун шаарында куткаруу иштери күнү-түнү уланып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Искендерун шаарында куткаруу иштери күнү-түнү уланып жатат
Айрым жабыркаган түркиялыктар президенттин учагында Анкарага жиберилүүдө. Сүрөттө 52 жаран Адананын аэропортунда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым жабыркаган түркиялыктар президенттин учагында Анкарага жиберилүүдө. Сүрөттө 52 жаран Адананын аэропортунда
Президенттин учагындагы түркиялыктар...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттин учагындагы түркиялыктар...
Хатай аймагында 80 жаштагы Сазие Калаагзи куткарылгандан кийин куткаруучу топтун мүчөсүнүн реакциясы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хатай аймагында 80 жаштагы Сазие Калаагзи куткарылгандан кийин куткаруучу топтун мүчөсүнүн реакциясы
Сириянын Идлиб шаарында жай тургундар куткаруучулар менен бирге издөө иштерин жүргүзүүдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириянын Идлиб шаарында жай тургундар куткаруучулар менен бирге издөө иштерин жүргүзүүдө
Жер титирөө Алепподогу турак жайларды да кыйратты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер титирөө Алепподогу турак жайларды да кыйратты
Хатай шаарынын тургуну бир тууганын куткарууну өтүнүп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хатай шаарынын тургуну бир тууганын куткарууну өтүнүп жатат
Сириялыктарга убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулду. Сүрөттө козголоңчулар көзөмөлдөгөн Харим шаары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялыктарга убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулду. Сүрөттө козголоңчулар көзөмөлдөгөн Харим шаары
Бүткүл дүйнө өлкөлөрү Сирия менен Түркия үчүн гуманитардык жардам чогултууда. Сүрөттө Азербайжандын борбор калаасы Баку
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бүткүл дүйнө өлкөлөрү Сирия менен Түркия үчүн гуманитардык жардам чогултууда. Сүрөттө Азербайжандын борбор калаасы Баку
Бул сириялыктар каза болгон тууганынын сөөгүн тааныды…Баб эль-Хава тилкеси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сириялыктар каза болгон тууганынын сөөгүн тааныды…Баб эль-Хава тилкеси
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кахраманмараш шаарында. 8-февраль, 2023-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кахраманмараш шаарында. 8-февраль, 2023-жыл
Жер титирөөдөн Алепподо жайгашкан байыркы коргон да урады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер титирөөдөн Алепподо жайгашкан байыркы коргон да урады