Чыңгыз хандын теги казакпы же монгол элеби?
Published
Жакында өзүн Чыңгыз хандын урпагы эсептеген моңгол Казакстанга келип бир катар моңгол таануучулар менен жолугуптур. Негизи казактарда да, кыргыздарда да алар Чыңгыз хандын тегинен экенин далилдегеси келген тарых ышкыбоздору бар.
Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдокасымов Чыңгыз хан жана анын дооруна байланыштуу талкуу курушту.