"100 айым": Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында
Published
Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады. Тизмеге кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дагы кирди. Ал көзү азиз экенине карабай жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүп, Америкада билим алган. Кыргызстанда өзү сыяктуу көзү азиздер үчүн атайын федерацияны түзүп, өз алдынча жашоого үйрөтүп келет.