Кыргыз спутниги космоско учурулганы жатат
Кыргыз спутниги космоско учурулганы жатат
Published
Кыргызстан космоско өзүнүн алгачкы спутнигин учурганы жатат. Космостук мониторинг эгин талааларынын абалын көзөмөлдөп, кургакчылык коркунучун эрте аныктоого мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашырууга эки жарым жыл убакыт кеткен. Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун айтымында, спутник 1-октябрда АКШнын Калифорния штатынан космоско учурулат.



