Чүйдө бир айда үч кыз өз жанын кыйды
Чүйдө бир айда үч кыз өз жанын кыйды
Published
Чүйдүн Сокулук районунда сентябрда эле үч кыз өз жанын кыйганы ачыкка чыкты. Алар 15, 16 жана 19 жаштагылар. Үчөө тең бирин-бири тааныган, тууган, кошуна болгон.
Өлүмдүн себеби белгисиз, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, мектептерде психологдордун санын көбөйтүү сунушу айтылды.



