Ошто мурдагы чиновниктердин имараттары буздурулду
Ошто мурдагы чиновниктердин имараттары буздурулду
Ошто Ак-Буура дарыясы жана Увам каналынын корук аймагында жайгашкан мурдагы вице-мэр Нурбек Кадыров жана кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияевдин инисине таандык мыйзамсыз курулуштар буздурулду. Ошондой эле экс-депутаттар Азамат Арапбаев жана Ахматбек Келдибековго тиешеси бар делген объектилер да түрттүрүлдү.
Буга чейин мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев буздуруп баштаган айрым объекттер кайра оңдолуп – түзөлүп баштаганы жана мэрия иштөөгө уруксат бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Ушундан улам учурдагы мэр Жанар Акаевдин ишмердигине сын-пикирлер айтылып жаткан.



