"Жолдошу өтө заардуу адам". Токмоктогу зомбулук
"Жолдошу өтө заардуу адам". Токмоктогу зомбулук
Published
Өгөй балдарын күрөктүн башы, электр зымы менен сабаган кишинин видеосу коомдук сайттарда желдей тарап, көпчүлүктүн үшүн алды. 3-августта күйөөсүнөн кордук көргөн 33 жаштагы келин Токмок шаардык милициясына кайрылган. Ал жолдошу биринчи никедеги эки баласына үч жылдан бери зомбулук көрсөтүп келе жатканына даттанган. Милиция шектүүнү кармап, “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.



