"Бул күндү көпкө күткөм". Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айылдарды каттоо башталды
"Бул күндү көпкө күткөм". Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айылдарды каттоо башталды
Published
Кыргыз - өзбек макулдашуусунун негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөн Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын тургундары эми көп жылдык чек ара көйгөйлөрүнөн кутулабыз деп турушат. Быйыл июнь айында кыргыз өкмөтү Өзбекстанга караган Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен бирге Кыргызстанга өтүп жатканын жарыялаган. Ушул тапта аталган айылдарды Кыргызстанга расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Эки айылда жалпысынан 2500дөй киши, негизинен кыргыздар жашайт.



