"Бизнес ачам деп жүргөн". 20 жаштагы Казим Словакияда каза болду
"Бизнес ачам деп жүргөн". 20 жаштагы Казим Словакияда каза болду
Published
Братислава шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Казим Керимбек уулу көлгө чөгүп каза болду. Ал Словакияга эки апта мурун эле автокара айдап иштөө үчүн барган. Кыргыз бийлиги диаспора өкүлдөрү менен бирге Каримдин сөөгүн кичи мекени Кочкорго жеткирүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын кабарлашты.



