Равшан Жээнбековдун адвокаты: "Укуктук жактан да, адамгерчилик жактан да туура эмес"

равшан

Сүрөттүн булагы, internet

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Кой-Таш" иши боюнча соттолгон мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанбек коомдук сайттар аркылуу президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана укук коргоочуларга кайрылды.

Ал атасынын 8 айдан бери "камералык типтеги, айнегине чейин жабылып чүмбөттөлгөн террористтерди жана диний экстремисстерди кармаган түрмөдө жатканына" көңүл бурулушун өтүндү.

"Менин атам Равшан Жээнбековду террористтерди, диний радикал экстремисттерди камаган катаал режимдеги "зынданда" кармоо адилетсиз жана гумандуулукка жатпайт, коопсуздугуна кепилдик бербейт", - деп жазды Азат Равшан Facebook баракчасына.

Равшан Жээнбековдун жактоочусу Аскат Джакупбеков укуктук жактан да, адамгерчилик жактан дагы экс-депутатты мындай катаал шартта кармаганын колдобой турганын билдирди.

"Акыркы жолу колонияда көрүшкөндө, анын түрмөдөгүлөр кийчү атайын кийиминде (униформасында) "РЭиТ" деген жазууну көргөм. Бул жазуу "Радикалдуу экстремизм жана терроризм" дегенди билдирет. Андай форма кийгендер жабык камерада отурушат. Алар күн көрбөйт дээрлик. Бир күндө бир жарым саатка гана эшикке чыгарышат. Биз ал менен бул тууралуу сүйлөшкөндө, ага Кылмыш-жаза кодексинин 121-статьясын (Катаал шарттагы жалпы режим) колдонушканын айтты. Башкалар казарма сыяктуу лагердик режимде болушса, Равшан Жээнбековдуку камералык режим экен. Биз укуктук жактан да, адамгерчилик жактан да аны мындай режимде кармоо туура эмес деп эсептейбиз. Ал же экстремист, же террорист болбогондон кийин кадимки эле лагердик режимде жазасын өтөсө деле болмок. Анын үстүнө ал жаш дагы эмес, ал 56да. Ар кандай өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн", - деди жактоочу Аскат Джакупбеков.

Равшан Жээнбеков 2025-жылы 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабанынан 7 жыл, 8 айга соттолгон. Аны менен кошо "Кой-Таш" иши боюнча да20дай адамга чечим чыккан.

Буга чейин 1-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ырайымы менен камактан бошотулган.

Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Атамбаев 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.

Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.