"Үчөө бир арканда болгон, чогуу кулап түшүшү мүмкүн"
"Үчөө бир арканда болгон, чогуу кулап түшүшү мүмкүн"
Published
Үч кишиден турган альпинисттик топ бийиктиги 6613 метр болгон Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыгып, кайра түшүп баштаган. Альпинисттер акыркы жолу 2-августта байланышкан. Ал эми 4-августта белгиленген жерге кайтып келбей, алар менен байланыш үзүлгөн.
Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский Би-Би-Сиге берген кыска маегинде дайынсыз болгон топ Кыргызстанга келерден мурун спутниктик байланыш кызматын көрсөткөн эл аралык оператор менен келишим түзгөнүн, бирок альпинисттер кыргыз тоолоруна келгенден кийин байланыш жакшы иштебегенин айтып берди.



