Инстаграмда популярдуу болгон жоогазын талаасы

Видеонун түшүндүрмөсү, Инстаграмда популярдуу болгон жоогазын талаасы
Инстаграмда популярдуу болгон жоогазын талаасы

Британиянын Норфолк аймагында жайгашкан бул талаада 9 миллиондон ашык жоогазын гүлдөдү. Бул ферма жергиликтүүлөр жана туристтер үчүн абдан популярдуу жайга айланган. Ал өткөн жылы Голливуддун Wicked тасмасында да көрсөтүлгөн.

Көз жоосун алган жоогазын талаасы кыска убакытка гана ачык болот, бирок миңдеген киши агылып келет. Ферманын ээлери быйыл да элге эшигин ачып, 500 000 фунт чогултууну максат кылууда. Бул каражат жоогазын талаасына жакын жайгашкан хосписке — онкологиялык ооруларга чалдыккан бейтаптарды колдоого жумшалат.