2027-жылы КМШга төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт

Түркмөнстанда КМШ мамлекет башчыларынын саммити башталды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бул тууралуу Түркмөнстандын Аваза шаарында чечим кабыл алышты
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

9-октябрда Түркмөнстандын Аваза шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жолугушту. Жыйындын соңунда социалдык өнүгүү, транспорт, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана чек арадагы маалыматтык саясат боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Саммитте 2028-жыл КМШда Социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты жылы, ал эми 2029-жыл Транспорттук байланыш жылы деп жарыяланды.

2028-жылды Социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты жылы деп жарыялоону Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштаган. Ал эми 2029-жылды Транспорттук байланыш жылы деп жарыялоо демилгеси Түркмөнстандан чыккан.

Жыйындын катышуучулары маалыматтык технологиялар аркылуу жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө да макулдашышты. Ошондой эле чек ара жаатындагы маалыматтык саясаттын негиздерин бекитишти.

КМШ өлкөлөрүндө 2030-жылы эл каттоо өткөрүлөт. Анын жыйынтыктарын салыштыруу үчүн өлкөлөр 2027-жылы бирдиктүү көрсөткүчтөрдүн тизмесин макулдашат.

Саммитте КМШнын түзүлгөнүнө 35 жыл толгонуна жана тарыхый эстутумду сактоого байланыштуу билдирүүлөр да кабыл алынды.

2027-жылы КМШга төрагалык кылуу Өзбекстанга өтөт. Түркмөнстан менен Азербайжан тең төрага болот. КМШ мамлекет башчыларынын кийинки жыйыны 2027-жылдын октябрында Өзбекстандын Бухара шаарында өтөт.

Саммитке атайын конок катары катышкан Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ирандын катышуусунда "КМШ+1" кызматташтык механизмин түзүүнү сунуштады.

Кыргыз президенти тоо саммитине чакырды

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Түркмөнстандагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.

"Тар курамдагы жыйында мамлекет башчысы Кыргызстандын КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу байланыштарды жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого туруктуу берилгендигин баса белгиледи", - делет бул тууралуу Ынтымак-Ордо тараткан маалыматта.

Садыр Жапаров соода-экономикалык, инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле энергетика, агроөнөр жай комплекси, транспорт, логистика, санариптик экономика жана инновациялар тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн маанисине да кеңири токтолду.

"Мамлекет башчысы туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин да белгилеп, КМШ мамлекеттеринин башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды",- делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Садыр Жапаров 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата КМШ алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Саммитке Азербайжандын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан саммитке атайын конок катары катышып жатат.

КМШга быйыл Түркмөнстан төрагалык кылууда.

КМШнын азыркы ролу кандай?

КМШ СССР тарагандан кийин мурдагы советтик республикалардын ортосундагы байланышты сактоо үчүн түзүлгөн. Азыр бул уюм өлкөлөрдүн саясий, экономикалык жана маданий маселелерди чогуу талкуулай турган аянтчасы болуп калды. Анын алкагында соода, транспорт, миграция жана коопсуздук боюнча кызматташтык уланууда.

Бирок КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары дайыма эле бирдей эмес: айрымдары Орусия менен жакын байланышта болсо, башкалары өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө көбүрөөк басым жасайт. Ошондуктан саммиттерде биргелешкен билдирүүлөр кабыл алынганы менен, алардын баары эле иш жүзүндө толук аткарыла бербейт. Бүгүнкү күндө КМШны мурдагыдай бирдиктүү саясий күчтөн көрө, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы байланыштарды сактоого жана орток маселелерди сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген уюм катары кароого болот.

Алмаз Кулматов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук ишмер Алмаз Кулматов: "Реалдуулук КМШнын абалы Москва каалаган деңгээлен алыс"

"КМШ СССР эмес, бирок ошол кездин күүсүнөн жанбаган демин, Москва кожоюндук кылган эски форматты, тең ата деп айтууга болбогон мамилелерди, түрдүү ролдорду эске салган шериктештик. Албетте, КМШ түзүлгөндөн бери нечендеген эки жана көп тараптуу документтерге кол коюлуп, шериктештикке кирген мамлекеттер ортосунда өз ара кызматташуунун укуктук пайдубалы чыңалды. КМШ келишимдер менен чектелген жок, институттарга да ээ. Аткаруу комитети жана бир катар уставдык органдары бар. Маданий жана гуманитардык акциялар байма-бай өтүп турат. Жалаң келишим менен иш илгерилеп кетпейт экен. Реалдуулук КМШнын абалы Москва каалагандай, ушул биримдиктен ылаажы издеген башкалар күткөндөй деңгээлден алыс", - деген эле буга чейин коомдук ишмер Алмаз Кулматов Би-Би-Сиге.

Орус президенти Владимир Путин Түркмөнстандагы саммитте Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү былтыр110 млрд доллардан ашканын баса белгилей кетти. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында бул көрчөткүч дагы 19% өстү.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 1991-жылы декабрда түзүлүп, ага мурдагы советтер союзуна кирген 12 өлкө мүчө болгон. Алар Азербайжан, Армения, Белорус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан.

Бирок убакыттын өтүшү менен активдүү мүчөлөрдүн саны кыскара баштаган.

Түркмөнстан КМШнын уставына кол койгон эмес жана учурда ассоциацияланган мүчө статусуна ээ. Ал белгилүү бир шарттарда гана уюмдун ишине катышып турат.

Грузия 2009-жылы Түштүк Осетиядагы окуялардан кийин КМШдан толук чыгып кеткен.

Украина болсо КМШны түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюп, шериктештикти негиздөөчү мамлекеттеринин бири болгону анык. Бирок ал дагы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу негизги документ болуп саналган уставка кол койгон эмес. 2018-жылга чейин уюмдун ишмердигине жарым-жартылай катышып келип, кийин аны токтоткон.