Дарыгерлер нефрологго мунапыс берүүнү сурашууда
Дарыгерлер нефрологго мунапыс берүүнү сурашууда
Published
Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну суранып жатышат. Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты.
Бишкек шаарынын тургуну Зульфия Стамкулованын айтымында, анын өспүрүм кызы Бейшебаеванын "шалаакылыгынан улам" бир бутунан ажырап калган.



