"Министрдин, ЖК төрагасынын үстүнөн арыз жазам": Катуу талкуу жараткан кайык жарышы

Ысык-Көлдө өтө турган "Формула-1" кайыктар жарышы боюнча маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат. Социалдык тармактарда айрым жарандар жана активисттер бул иш-чара экологияга зыян алып келет деп кооптонуп жатышса, уюштуруучулар жана бийлик өкүлдөрү коркунуч жок экенин айтып, туризм тармагы үчүн маанилүү экенин билдиришүүдө. ИИМ 28-майда бул боюнча атайын эскертүү таратса, маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү.
"Аталган чемпионат дүйнө жүзүндө, анын ичинде АКШ, Европа жана БАЭ сыяктуу өлкөлөрдө өткөрүлүп келет. Кайда уюштурулбасын, ал заманбап экологиялык талаптарга толук жооп берет. Тийиштүү министрликтер мелдешке колдонулуучу техникалардын көлгө эч кандай зыяны жок экенине ишендиришти. Бул иш-чара, тескерисинче, өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан тынчсызданууга негиз жок",- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 28-майда парламентте сүйлөп жатып.
Маселени биринчилерден болуп Францияда жашаган кыргыз жараны Самат Кушбек көтөрүп чыкты. Ал иш-чарага каршы кол топтоп, социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу бир катар видео кайрылууларды жарыялоодо. Анын демилгесин колдогон айрым активисттер, журналисттер жана жарандар дагы бул жарышты токтотууга чакырып, Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо керектигин айтып чыгышууда.
"31-июлда Ысык-Көлдүн үстүндө өтө турган иш-чара зыян. Ысык-Көлдүн экосистемасына, жан-жаныбарларга жана айлана-чөйрөсүнө зыян. Аларды мен аргумент менен көрсөтүп берип жатам. Ошондой эле Ички иштер министрлиги "бул чагымчылдык" деп маалымат таратыптыр. Мен министрдин үстүнөн прокуратурага арыз жазайын деп жатам. Спикер Марлен Маматалиевдин үстүнөн да Башкы прокуратурага арыз жазам. Себеби ал дагы Жогорку Кеңештин улуу трибунасынан "экологияга зыян эмес, мен экологдор менен сүйлөштүм" деп жатат. Ушул күнгө чейин бир эколог чыккан эмес. Азыркы күнгө (28-майга) карата 2,5 миң киши петицияга кол коюп берди. Бул петиция - кыргыз элинин үнү",- деди эколог Самат Кушбек Би-Би-Сиге.
Ички иштер министрлиги болсо мындай билдирүүлөрдүн айрымдарын чагымчыл деп атап, эскертүү берди. Министрлик "Формула-1" сыяктуу ири мелдештер дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө кырк жылдан ашуун убакыттан бери өтүп келе жатканын жана экологияга зыян келтиргени боюнча факт катталбаганын билдирди. Ал боюнча айрым мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы комментарий берип, кооптонууга негиз жок экенин айтышууда. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов кайык жарышын өткөрүүнү колдоп жатат:
"Эгер зыян болот десе, комиссиянын чечими ошондой болсо, биз аны токтотобуз. Бирок ошол эле Жиддада, Сардинияда, Европада, Түндүк Америкада өтүп жатат да. Бизден кийин Шанхайда өтөт. Андан кийин Гонконг, Сингапурда. Эгер экологияга зыян болсо, бул шаарлар деген "Формула-1"ди кабыл албайт эле да".
Кыргызстан Ысык-Көлдө "Формула-1" кайыктар жарышын июлдун соңунда өткөрүүнү пландап жатат. Ысык-Көл болсо 2001-жылы ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын тизмесине кирген.


























