"Батирди, 600 миңди шылуундарга алдырып жибердим"

Видеонун түшүндүрмөсү, "Батирди жана 600 миңди шылуундарга алдырып жибердим"
"Батирди, 600 миңди шылуундарга алдырып жибердим"

Ош шаарынын тургуну, 77 жаштагы Нина Садритдинова шылуундарга батирин жана 600 миң сом акчасын алдатып жиберген. Ал азыр курбусунун үйүндө жашап жатат. Өмүрүн билим берүүгө арнаган мугалим Би-Би-Сиге өз окуясын айтып берди.

Расмий маалыматка караганда, интернет шылуундар, телефон аркылуу алдамчылык фактылары күн санап өсүүдө. 2025-жылы 1500дөн ашуун учур катталса, 2026-жылдын үч айында эле алардын саны 1140 болгон.