Катар үч ирандык учкучту туткунга алганын четке какты

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 1 мүнөт
Иран өзүнүн үч учкучун бошотууга чакырды. Ирандын ырасташынча, АКШ менен согуш башталганда эки истребителди абадан коргонуу системасы атып түшүргөндөн кийин учкучтар Катардын колуна түшүп калышкан.
Ирандын бригадалык генералы Мохаммад Багерзаде Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин (ЭКЧК) башчысына жазган катында Жавад Салехи, Абдул Мажид Даштиан жана Имран Бехрошиан аттуу учкучтар алты айдан бери туткунда кармалып отурганын билдирди.
Анын айтымында, төртүнчү учкуч Мажид Каземинин сөөгү 2026-жылдын 2-мартында кайтарылган. Учкуч согуш башталгандан үч күндөн кийин ошол эле операцияда каза болгон.
Катардын бийлиги Ирандын билдирүүлөрүн "кескин түрдө четке кагып", "бул адамдарды адаштыруучу билдирүүлөргө таң калганын" билдирди.
Генерал Багерзаде үч учкуч Катардын аскердик базасындагы согуштук учуу маалында учактарынан катапульта менен секиргенден кийин Катардын колуна түшкөнүн билдирди.
ЭКЧКнын башчысы Мирьяна Споляричке жазган катында генерал "бардык эл аралык мыйзамдарды жана ченемдерди көзгө илбей, камакта кармалгандардын укуктарын бузуп жатат" деп Катарды айыптады.
Катта ошондой эле үч учкучка үй-бүлөлөрү менен жолугушууга же байланышууга уруксат берилбей жатканы айтылат.
Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажед Мохаммед ал-Ансари "учкучтар Катардын аба мейкиндигин бузган соң алар менен байланышканын, бирок жооп ала албаганын" билдирди.
"Эл аралык укукка ылайык өз аймагыбызды коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлдү", - деп кошумчалады ал-Ансари.
Ал-Ансари Катардын издөө-куткаруу топтору "учкучтардын сөөгүн издөө боюнча өз милдеттерин толук аткарышканын" билдирди.
Ал Катар "табылган учкучтардын биринин сөөгүн өткөрүп берүү ишин координациялоо" үчүн Иран менен байланышканын, Тегеранды издөө-куткаруу операциясынын чоо-жайы менен таанышып чыгууга чакырышканын, бирок Тегеран ушул кезге чейин буга жооп кайтарбай келатканын билдирди. (ZMa)































