Конгантиев мамлекетке 15 миллион долларлык мүлкүн өткөрүп берди
Конгантиев мамлекетке 15 миллион долларлык мүлкүн өткөрүп берди
Published
Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевди кызмат абалынан "кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып пул салганы 6-августта белгилүү болду.
УКМК мурдагы депутат Куванычбек Конгантиев "тергөө учурунда күнөөсүн моюнга алып, күнөөнү таануу боюнча келишим түзгөн, тергөөгө көмөк көрсөткөн жана өз ыктыяры менен "Роял Констракшн" компаниясынын курулуп жаткан объектилериндеги жалпы базар баасы 15 миллион АКШ долларын түзгөн 6500 чарчы метр турак жай жана коммерциялык жайларды" мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдады.



